«Аялдар адам эмеспи?» Депутаттар ИИМдин аракетин сынга алып, жазаны күчөтүүнү сунушташты

Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жалпы жыйынында бир катар депутаттар уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын маселесин көтөрүштү. Депутаттар ишти тез иликтебеген ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган жооптуу адамдардын кызмат ордуна туура келип-келбегени каралышы керектигин талап кылышты.

«Ала качкан эле киши эмес, ага жардам бергендер да жазалансын»

Эл өкүлү Эмил Токтошев башкалардан айырмаланып, парламенттин жыйынына «Ала качуу салт эмес — кылмыш. Кылмышкерлер жазалансын» деген плакатты көтөрүп келди.

Ал өз сөзүндө буга чейин милициянын бөлүмүндө өлтүрүлгөн Бурулайдын окуясынан эч ким сабак албаганын билдирди. Андан сырткары Кыргызстанда мыйзам болгону менен алар иштебей жатканын айтты.

«Бизде мыйзам болгону менен иштебейт экен. Кесиптештер, келгиле, мыйзамды дагы күчтөндүрөлү. Ала качуу салт эмес, ал кылмыш, зомбулук. Ала качкан эле киши эмес, ага жардам берген, жанында жүргөн, шарт түзүп бергендердин бардыгы бирдей жазага тартылышы керек… Жазаны мыйзам менен бышыктап, дагы эки эсе катуулатып бериш керек», — деди ал.

Дагы окуңуз Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Кыз ала качкандар 15 жылга кесилсин»

Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев Жазык кодексинен «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» деген беренени таптакыр алып салып, аны «адам уурдоо» деп эле өзгөртүүнү сунуштады.

«Адамды анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдоо III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат деп жазылып турат. Ал 2 жылдан 5 жылга чейин кесилет экен. Биринчиден ушуну жокко чыгаралы. Бизде никеге туруу максатында уурдоо деген түшүнүк болбосун, аны адам уурдоо деп эле атайлы жана жазасын 10 жылдан 15 жылга чейин деп коёлу. Мыйзамга ушундай өзгөртүү киргизели…Азыр Айзада, ага чейин Бурулай болгон, эртең дагы ким болот?» — деп ал суроо салды.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ИИМдин монитринг борбору эмне иш кылып жатат деп сындады. Себеби, аталган борбор президентке шек келтиргендерди, өз оюн билдирген активисттерди бат эле таап, кылмышкер, каракчыларга келгенде эле иштебей каларын белгиледи.

«Алар [мониторинг борбору] машиналарды, анын ээсин жана машинанын жүргөн жерин кантип ыкчам тапса болорун айтып, президенттин алдында мактанышты эле. Бирок керек болгон учурда мониторинг борбору активисттерди табат, президентке шек келтиргендерди табат, бирок уурулук, жол кырсыгы болгондо, адамды уурдаганда алардын жардамы тийбейт. Анын ишин депутаттар, балким комиссия барып карап келебиз», — деди Бекешев.

Бекешевдин айткандарын Ирина Карамушкина дагы кубаттап, ИИМдин тергөө башкармалыгы каракчы, ууру жана башка кылмышкерлерге караганда блогерлерди, жарандык активисттерди ыкчам таап жатканына нааразы болду.

«ИИМди аялдарга бергиле»

Эл өкүлү Айсулуу Мамашова шектүүгө «Адамды анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдоо» беренеси боюнча коюлган айып туура эмес экенин айтты. Себеби ал бул кылмышка билип туруп барган.

«Жанында бычак болгон. Ал Айзаданы үйүнө алып барбай, талаага алып барып, анан өлтүрүп жатат», — деди ал.

Мамашова андан сырткары эркектер үй-бүлөдөгү зомбулукка, ала качууга кош көңүл мамиле кылгандыктан ички иштер министри кылып аял кишини дайындоону талап кылды.

«Биз качанкыга чейин эле эркектерди актай беребиз, аялдарчы? Алар адам эмеспи?! Ал үчүн чечимдерди кабыл алууга сенин кандай акың бар!» — деди ал.

Дагы окуңуз Бишкек ШИИБи: Уурдалган Айзада Канатбекова футболка менен муунтулган

Депутат Жанар Акаев милиция шектүү түшкөн машинанын мамлекеттик номерин билгенин, бирок өз убагында чара көрбөгөнүн сынга алды. Ошондой эле, «Коопсуз шаар» долбоору жарандардан айып чогултуп, бюджетти толтура турган система болбошу керектигин, биринчи кезекте ал жарандардын коопсуздугу үчүн кызмат кылышы керектигин баса белгиледи.

«Ошол машинанын багытын жакшылап караганда Айзаданын өмүрүн сактап калганга болмок. Зөөкүрлөрдүн бардыгын алып чыгып, коомчулукка көрсөтүп, экинчи мындай окуя кайталангыс кылыш керек эле», — деди Акаев.

Айзаданын өлүмү

Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен 5-апрелде эртең мененки саат 7:30дар чамасында Айзада Канатбекова уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Аламүдүн районундагы талаада машинанын ичинен табылган. Аны менен катар унаанын ичинде шектүү Замирбек Теңизбаевдин дагы сөөгү табылган. Тергөөнүн маалыматы боюнча шектүү маркумду футболкасы менен муунтуп өлтүрүп, канцелярдык бычак менен өзүнүн күрөө тамырын кесип салган.

Дагы окуңуз: «Билети колунда болчу». Айзада шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан

ТЕМА БОЮНЧА: Иллюстрация: Айзада Канатбекованын уурдалышына реакция

ИИМ: Шектүү Орусияда 6,5 жыл соттолуп чыккан деген маалымат бар

Марипов: Ала качуу — салт эмес, бул жазалана турган кылмыш