ИИМ: Шектүү Орусияда 6,5 жыл соттолуп чыккан деген маалымат бар

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын башчысы Уланбек Айтпаев 8-апрелдеги брифингде Айзада Канатбекованын өлүмүнө шектелген кишинин өздүгү аныкталганын билдирди. Ал Замирбек Теңизбаев аттуу жаран болуп чыкты.

Айтпаевдин айтымында, Теңизбаевдин иниси берген маалымат боюнча ал 2017-жылы Орусиядан кайтып келген. Ал жакта үйлөнүп, эки балалуу болгон. Ошондой эле, кылмыш жасап 6,5 жыл түрмөдө отуруп чыккан.

«Бул маалыматты Теңизбаевдин иниси берди. Биз Орусияга кат жолдоп расмий жооп алабыз. Бул үчүн бир аз убакыт керек», — деди Айтпаев.

Мындан сырткары, Теңизбаев «Хонда Цивик» унаасын ижарага алып, такси кылып жүргөнүн белгиледи. Акыркы бир нече ай унаанын ичинде жашап, иштеген.

Айзаданын өлүмү

Айзада Канатбекова 5-апрелде Бишкек шаарында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер тарабынан уурдалган. Окуя видео байкоочу камерага түшүп калган. Ошол эле күнү анын апасы милицияга кайрылып, уурдагандарды таап, чара көрүүнү талап кылган.

Аталган факт КЖБРге «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен издөө иш-чараларын баштаган.

Эки күндөн кийин Аламүдүн районундагы талаадан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасы табылган. Милицияга унаанын ичинде аялдын жана эркектин сөөгү жатканы тууралуу маалыматты жергиликтүү койчу кабарлаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аны уурдоого шектелген киши менен кыздын ортосунда чыр чыккан. Шектүү Канатбекованы муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Кийинчерек Канатбекованы уурдоого катышкандардын бири кармалган. Милиция тарабынан калган эки шектүүнүн да аты-жөнү аныкталып, учурда издөө иш-чарасын улантылып жатат.