Уурдалган Айзаданын өлүмү. Прокуратура милициянын иш-аракеттерин иликтеп баштады

Прокуратура Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча милициянын аракеттерин иликтеп баштаганы жөнүндө кабарлады. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн «Шалаакылык» беренеси боюнча тергөө башталды.

Канатбекованын уурдалганы жөнүндө 5-апрелде маалым болгон. Кылмыш байкоочу камераларга түшүп калган — уурдап качкандардын саны жана унаасынын номери белгилүү болчу. Кыздын үй-бүлөсү уурдап качкандардын бирин тааныганын билдирген — ал аны буга чейин дагы уурдаганга аракет кылып, аркасынан аңдып жүргөн.

Айзада Канатбекованы ала качкан адам — Замирбек Теңизбаев — буга чейин бир нече жолу соттолгон. Маркум кыздын энеси милицияга кайрылып, ошондой эле достору жана жакындары ыктыярчылар менен бирге издөө иштерин башташкан. Алар Теңизбаевдин унаасын Сосновкадан көрүшкөнүн аныкташкан.

Эки күндөн кийин, 7-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасын байкаган. Чакыруу жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Автоунаанын ичинде кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Кыздын киши колдуу болушу коомдо чуу жаратып, адамдар 8-апрелде нааразылык билдирүү үчүн Ички иштер министрлигинин алдына чогулушкан. 8-апрелде эртең менен милиция органдары кызды уурдоо жана өлтүрүү фактысы боюнча басма сөз жыйынын уюштурушкан. Анда Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги милиция көргөн чаралардын баары туура болгонун айтып, өз дарегине берилген сын-пикирлерди төгүндөгөн.

«Айзада Канатбекованын туугандарынан, жакындарынан кечирим сурайм. Бул трагедиялык өлүмдү мен аябай толкундануу менен, жан дүйнөм ушунчалык эзилүү менен ата катары дагы, Ички иштер министрилигинин кызматкери, Кыргызстандын атуулу катары дагы аябай катуу кабыл алдым. Ал кызды тирүү алып кала албадык. Бирок бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги күндөп-түндөп, ыкчам кызматкерлер да, тергөө кызматы да, атайын ыкчам топтор да, Кыргызстандын бүт булуң-бурчтарында ушул кылмышка шектүү болгон, кылмышка тиешеси болгон атуулдардын үстүнөн иштер жүргүзүлүп жатат», — деп айткан Бишкек шаардык ИИББ жетекчиси Бакыт Матмусаев. 

Бишкек ШИИБнин тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов адам уурдагандардын унаасын издөөгө бюрократиялык создуктуруулар тоскоол болгонун билдирген. Ошондой эле, милициянын кызмат адамдарынын айтымында, тергөөчүлөр унаанын ээсин издеп, шектүүлөргө телефон аркылуу байланышууга аракет кылышкан.

«Жаңы кодекстин ишке кириши менен иликтөө процедурасы татаалдашты. Ар бир тергөө амалын аткаруу үчүн тергөөчү алгач прокуратурада макулдук алып, андан кийин сотко барышат, ошондо кийин гана сот өз чечимин чыгарат. Камакка алуу чечимин да сот берет. Мына мунун баары кылмыштардын, анын ичинде өтө оор кылмыштардын бетин ачууда кыйынчылыктарды жаратууда», — деп билдирген Утемисов.

Анын айтымында референдумдан кийин ИИМ Кылмыш-процессуалдык кодекске түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын берет.

Эгерде Бишкек ШИИБнин криминалдык милициянын башчысы Улан Айтбаевдин сөзүнө ишене турган болсок, алар уурдалган кыздын аты-жөнүн тактоого 8 саат коротушкан. Ошондой эле ал мобилдик байланыштын маалыматтарын тактоодогу кыйынчылыктарга даттанган.

Нааразылык акциясынын катышуучулары өз учурунда, кыз тирүү кезинде чара көрбөгөн милиция кызматкерлеринин кайдыгерлиги үчүн Бишкек ШИИБнин башчысы менен Ички иштер министринин отставкасын талап кылышты. Матмусаев азыр отставкага кетпей турганын, жана кызды уурдагандарды издөө анын негизги милдети экенин айтты — ошол күнү кечинде адам уурдоого шектүүлөрдүн бардыгы колго түшкөн.

Депутаттар ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековду парламент алдында иш боюнча отчёт берүүсүн талап кылышкан. Алар дагы министрдин отставкасын талап кылышты. Ниязбеков болсо ИИМ жоопкерчиликтен качпай турганын жана «моралдык» күнөөсүн сезип жатканын билдирген.