Бишкек жана Ошто көчмө добуш берүүдө купуялуулук сакталбай жатат

10-апрелде өлкө боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. Эртең менентен баштап эле «Клооптун» байкоочулары ар кандай мыйзам бузууларды катташууда — алардын көпчүлүгү добуш берүүнүн купуялуулугунун бузулушу.

Мисалы Ошто №3563 шайлоо участогунда комиссия мүчөлөрү көчмө урнага жакын турушуп, добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып турушту. Ал эми Бишкекте болсо №1335 шайлоо участогунда комиссия мүчөлөрү шайлоочударга добуш берүүгө жардамдашып, алардын ордуна бюллетендерди урнага өздөрү салышты.

Ушундай эле мыйзам бузуу Бишкектеги №1131 шайлоо участкасында катталды — анда домком шайлоочулардын ордуна бюллетендерди өзү толтурган. Мындай көрүнүш №1023 шайлоо участкасында да болгон — бюллетенди шайлоочулардын ордуна УШК мүчөсү таштаган.

Буга байкоочу эскертме бергенде, комиссия мүчөлөрү муну «шайлоочулар өздөрү шайлай турган абалда болбогондуктан баарын тезирээк өткөрүп салуу» максатында жасашканын айтышкан. Мындан сырткары №1335 жана №1309 шайлоо участкаларында да комиссия мүчолөрү аралыкты сактабай урнага жакын турушкан.

Мыйзам боюнча, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аралыкты сактап, урнадан 1,5 метр аралыкта турушу керек. Эгерде шайлоочу өз алдынча добуш бере албаса, анда ага УШКнын мүчөлөрү эмес, башка шайлоочулар гана жардам берсе болот.

Өлкөдө 10-11 апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. 28 шаардык кеңеш жана 796 мандатка 56 партия ат салышып жатат. Бишкек шаардык кеңешине 45 мандатка 11 миңдей киши талапкерлигин койгон.