ИИМ Ак-Ордодо «Ата-Журт Кыргызстан» акча таратты деген маалыматты төгүндөдү

Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушундагы №96-орто мектебинде ачылган шайлоо участкасында белгисиз адамдар «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдоп берүү үчүн «акча таратып жатат» деген маалымат туура эмес экенин «Клоопко» ИИМдин маалымат катчысы Адинай Шаршеева билдирди.

Анын айтымында, Ак-Ордо конушундагы №96-орто мектебинде «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдоп берүү үчүн аял киши акча таратып жатканы тууралуу ЖМКда видео тараган.

Окуя Бишкек шаарынын Ленин РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда маалымат тастыкталган эмес. Ал эми видеону тараткан аял кишинин аты-жөнүн аныктоого мүмкүн болбогонун билдирди.

Анткен менен социалдык тармактарда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы акча таратып жатканы тууралуу видео, сүрөттөр тарап жатат. Мисалы «Клооптун» байкоочусу Ош шаарындагы №5305 участкасында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күбө болгонун кабарлаган. Анда шайлоочулардын бири «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «1000 сомдон берип жатканын» айткан болчу. Бирок милиция кызматкерлери келип, ал аялдан окуянын чоо-жайын сурап баштаганда байкоочуга берген маалыматынан баш тарткан.

Ошондой эле, «Клооп» Ош шаарындагы №5303 шайлоо участкасынан түз эфир кылган учурда байкоочулардын бири «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы шайлоо участкасынын сыртында шайлоочуларга 1000 сомдон таратканы боюнча билдирген.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.

Дагы окуңуз — Ош ОИИБи: №5221 участогунун жанында «акча таратылганы» боюнча маалымат териштирилет

Кыргызстанда 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2020-жылы жазында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо бир жылдан кийин өтүп жатат.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айлдык кеңеште 7560 депутатты шайлашат. Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда өтүүдө. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.