Ош: «Клоопко» акча таратылганын айткан шайлоочу милицияга башка көрсөтмө берди

«Клооптун» байкоочусу Ош шаарындагы №5305 добушканасында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күбө болгонун кабарлаган. Анда шайлоочулардын бири «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан «1000 сомдон берип жатышканын» айткан болчу.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков аталган шайлоочу суралып жаткан тасманы фейсбукка жүктөдү. Шайлоочу милиционерлерге добуш сатып алууну көрбөгөнүн айтып, байкоочуга берген маалыматынан баш тарткан.

«Мага чоочун аял “1000 сомдон таратып атат” экен деп айтты. Ал жакта таратып атыптыр, ошол жерге бар деп айттым», — деп айткан шайлоочу.

Анда «Клооптун» байкоочусу шайлоочуга айткан сөздөрү тууралуу эскертип, добуш сатып алууга «Субан аттуу кароолчу аралашканы» тууралуу айтып бергенин белгилеген. Аял алгач Субан аттуу киши кароолчу экенин тастыктап, кийин аны тааныбайм деп билдирген.

Ош ШИИБден «Клоопко» бардык жагдайлар териштирилип, иликтөө жүргүзүлөт деп ишендиришти.

Төмөнкү тасмадан акча таратылып жатканын айткан шайлоочунун байкоочуга берген маалыматы менен таанышып ала аласыздар.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.