Ош ОИИБи: №5221 участогунун жанында «акча таратылганы» боюнча маалымат териштирилет

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу Жаңы-Маала айылындагы №5221 шайлоо участкасында «добуш сатып алуу» боюнча маалыматты териштирет. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев кабарлады.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, азыркы учурда текшерүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин «Клооптун» журналисттерине жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон Халида Назиева жана Сүйөрбек Ажымаматов «акча таратуу жана коркутуулар» болуп жатканын түз эфирде айтып беришкен болчу.

Алар айтымында, акча участокко жакын турган үйлөрдүн биринде таратылган. Бирок өзүн үйдүн ээсимин деп тааныштырган аял муну четке каккан.

Мындан сырткары, Назиева журналисттерге видео жөнөткөн. Андан аялдар чогулуп турганын көрүүгө болот. Ошондой эле, тасмага аялдардын бири колуна 500 сом кармап турганы тартылган.

Ошондой эле, Назиева жана Ажымаматов шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Нариман айылы Ош шаары менен чектешет. Аталган аймакта негизинен лөлү тектүү жарандар жашайт.

Тема боюнча:

Ош: №5221 добушканасынын жанында шайлоочуларга акча таратылганы кабарланды