Ош: «Ата-Журт Кыргызстан» добуштарды миң сомдон сатып алганы айтылды

«Клооптун» байкоочусу Ош шаарындагы №5305 участогунда добуш сатып алууга күбө болгонун айтты. Ал жиберген тасмада үч аялдан «Силерге акчаны ким берди» деп сураган. Анда алардын бири «"Ата-Журт Кыргызстан" ар бир добуш үчүн миң сомдон берип жатат» деп жооп берди.

Ошондой эле бул ишке «Юридикалык факультеттин кызматкерлеринин тиешеси бар» деди.

«Сен каяктан келдиң? Тиги ак кийимченди карма, ошол берип жатат. “Ата-Журт Кыргызстандан” берип атат. Бул жакта кароолчу да, Юрфактын бүт агайлары аралашкан. 200 кошумча студентти да киргизиптир», — деди аял.

Кыргызстандыктар бүгүн, 11-апрелде, 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айылдык кеңеште 7560 депутатты шайлашат.

Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда өтөт. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.