«Мен да органда иштейм». Ошто «Клооптун» кызматкерлерине кол салуу болду

«Клооптун» байкоочуларынын телефонун тартып алган аял. Байкоочулар тартып алган видеодон скрин.

Ош шаарынын №5304 добушканасынын алдында «Клооптун» мобилдик тобуна кол салуу болду. Мобилдик топто үч киши болгон: штаттан сырткаркы кабарчылар Бекмырза Исаков, Алийма Алымова жана байкоочу Чолпон Кожошева.

Кол салуу кандай болгон?

Исаковдун айтымында, алар шайлоо участогунун жанында бир нече аял отурганын байкашкан. Алардын шайлоого кандай тиешеси бар экенин билүү максатында интервью алууну каалаганда, алардын бири Исаковго «мен да органда иштейм, сен эмнеге өзүңдү тааныштырбайсың?» деп түртүп съемка жүргүзүп жаткан телефонун тартып алып басып кеткен.

«Саат болжолдуу 12:15 эле. Шайлоо участкасынын сыртында үч-төрт аял отурган. Аларды видеого тартып, “ким болосуз, кандай максатта отурасыздар?” деп сурадым. Аялдардын бири туруп эле колума бир койду. Телефонум түшүп калды. Мени түртүп, жакалап, колумду аймап телефонду тартып алды», — деди Исаков.

Андан кийин Исаков окуяны экинчи телефонуна тартып баштаган. Ошол эле учурда окуяны «Клооптун» байкоочусу Чолпон Кожошева да тарткан. Чыр чыккан жерде милиция кызматкерлери да жүрүшкөн. Исаков да, Кожошева да укук коргоо органдарынан аялдан телефонду алып берүүнү суранышкан. Бирок милиционер чара көргөн эмес.

Ал эми кол салган аял болсо «аймактык милицияга барып түшүнүк кат жазасыңар» андан кийин беребиз деген. Ошол учурда жаңжалга өзүн күбө деп тааныштырган белгисиз киши аралашкан.

«Мен экинчи телефон менен видеого тартып баштасам, ал эже менден дагы телефонду тартып алганга аракет кылды. Анан телефон колумдан түшүп кетти. Тополоң учурда бир байке келип, ал да Чолпондун телефонун алып алды. Анан телефонду бизге бербейм, ошол аялга берем деди. Андан кийин талашып атып эки телефонду алдык, бирок бир телефон ошол эжеде эле», — деп түшүндүрдү Исаков.

Жеринен тартылган видеодон Кожошева тасмага кол салган аял чагымчылдык кылып жатканы үчүн тартып жатышканын айтканын көрүүгө болот.

«“Клооп” тууралуу туура эмес маалымат таратышты»

«Клооптун» штаттан сырткаркы кабарчысы Алийма Алымова жана байкоочусу Чолпон Кожошева окуя тууралуу сурактан чыккандан кийин айтып беришти.

Алымованын айтымында, бейтааныш жигит келип аялдарга «буларды биз тааныйбыз, “Клооп” деген булар саткын, биздин баарыбызды тартып алып туруп, эртең Кыргызстанга жарыялайт» деп туура эмес маалымат тараткан. Ошондон кийин анан отургучта отурган аялдардын бири кол салды дейт.

«Анан алар да кошулуп кетти, “булар саткындар экен” деп эле тура калып, шеригибиз видеого тартып жаткан телефонду жулуп алды. Милициялар деле биз жардам сурап жатканда кол шилтеп кетип калышты. Биз канчалаган мыйзам бузууларды берип жатканбыз, азыр биз жумушубуздан калдык», — деди Алымова.

Кожошева алдын ала маалыматтар боюнча кол салган аял домком болуп иштейт. Анын айтымында, аялдар үйүлүп отурганы шек жараткандыктан тасмага тартышкан.

Окуяны милиция териштирип жатат

Исаков, Кожошева, Алымова жана аларга кол салган аял менен эркек киши шаардык милициянын Ак-Буура бөлүмүнө алынып келинген.

«Клооптун» журналисттери менен байкоочусунун адвокаты Мухаё Абдураупова аталган окуяда журналисттердин ишине тоскоолдук жаралганын айтты. Анткени коомдук жайда сүрөт жана видеого тартууга, шайлоону чагылдырууга журналисттердин укугу бар.

Абдураупованын айтымында, жабырлануучулар арыз жазышкан жана телефондордун бири азыркыга чейин кайтарыла элек. Ошол эле учурда кол салган кишилер да милицияга арыз менен кайрылган.

Ал эми Ош шаардык ички иштер милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков кол салуу боюнча Ак-Буура милициясы териштирүү иштерин баштагандыгын айтты.

Сыдыков билдиргендей, журналисттердин телефонун тартып алган аял милицияга жазган арызында өзүн шайлоочу катары көрсөткөн. Ал байкоочулар анын уруксаты жок видеого тарта баштагандыгын жүйөлөп, телефондорду тартып алганын айткан. Бирок кийин кайра милицонерлер келгенде телефонду кайтарып бергендигин билдирген. Анткен менен «Клооптун» байкоочулары телефонду алышкан эмес.

«Клооптун» кызматкерлери Ош шаарындагы шайлоо участкаларынын алдында топ-топ болуп турган аялдарды жана эркек кишилерди бир нече жолу түз эфирде да чагылдырды. Алар кандай максатта чогулуп турушканын сураганы барганда, журналисттерден качып кетип же суроолорду жоопсуз калтырып жатышты.

«Клооптун» байкоочулары жана мобилдик топтору шайлоонун жана референдумдун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды чагылдырып жатат. Өлкө боюнча 3000 байкоочу иштеп жатат.