Ош: №5221 добушканасынын жанында шайлоочуларга акча таратылганы кабарланды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылындагы №5221 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон Халида Назиева жана Сүйөрбек Ажымаматов «Клооптун» журналисттерине «акча таратуу жана коркутуулар» болуп жатканын кабарлашты.

«Бул жактан келе жатсам, талапкердин апасы бизде иштеген кыздардын бирөөсүнө “бар жогол” деп жаман сөздөр менен сүйлөгөн экен. Мен келип ажыратып калдым. Бул жакта Бактыяр Мырзаканов басым кылып жатат. Шайлоо таза өтпөй жатат. Бир адамдын кызыкчылыгын көздөп жатышат. Бир адамды көрсөтөсүң деген сөздөр болуп атат», — деди Назиева.

Коркутууга кабылды делген кыз Мырзаканов коркутканын, аны сөккөнүн тастыктады. Ал дагы шайлоо таза өтпөй жатканын айтып, аймактагы үйлөрдүн биринде шайлоочуларга акча таратылып жатканын билдирди.

«Биринчи үйдө үгүтчүлөр отурат. Ушул жерге киргизбей, тополоң чыгарып атышат. Акча тараткан аял ушул жерде. Киргизбей, кууп чыгышты. Бул жакта отургандар да үгүтчүлөр. Бул жерде топтотуп турушканы тартылды», — деди коркутууга кабылганын айткан кыз.

Ошондой эле, ал «Клооптун» журналисттерине тасма жөнөттү. Анда аялдар топтолгонун жана алардын бири колуна 500 сомдук купюра кармап турганы тартылган. Үйүлгөн топтун ичинде эмне болуп жатканы тасмадан жакшы көрүнгөн эмес.

Ал эми «Клооптун» кабарчылары аталган үйдөн бир нече киши чыгып баратканына күбө болушкан. Бирок алар каза болгон тургунга куран окутуш үчүн келишкенин айтышкан. Кийинчерээк өзүн үйдүн ээсимин деп тааныштырган аял чыгып, «акча таратылганы тууралуу маалымат жалган» деди.

«27 жыл кызмат кылган жолдошум каза болду. Кече жерге бердик», — деди ал.

Ал эми Сүйөрбек Ажымаматов мыйзам бузууларды каттоо кыйын болуп жатканын айтты.

«Өзүм талапкермин. Бул жерде карап отуруп, мыйзам бузуулар даана эле көрүнүп турат. Аны фиксация кылуу кыйын болуп атат, эми үйлөрүнүн ичине алып кирип алып акча берип жатышат да. Топ-топ болуп үйлөргө алып кирип, өзүнүн тилинде сүйлөшөт экен, биз түшүнбөйт экенбиз. Акча алып алгандары билинип эле турат. Эми ошо мурдагы эле кандидаттар, ошолор эле өтөт экен да», — деди ал.

Алар шайлоо таза эмес өтүп жатканын, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Нариман айылы Ош шаары менен чектешет. Аталган аймакта негизинен лөлү тектүү жарандар жашайт.