Жээнбеков мыйзамсыз баюуга шектелген судья карындашына коюлган айыпты четке какты

Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз байыды деп шектелүүдө. Бул тууралуу 8-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, судья мыйзамдуу киреше булактарына ээ болбостон, 74 кымбат баалуу батир, 19 коммерциялык бөлмө, 10 унаа токтотуучу жайын жана Бишкектин «алтын квадраты» делген аймакта да кымбат жер тилкелерин сатып алган.

«Ошондой эле, кылмыштуу жол менен топтогон мүлктүн изин жашыруу үчүн судья тиешелүү сатуу-сатып алуу келишимдерин кандайдыр бир тастыкталган, мыйзамдуу киреше булактары жок жакын туугандарына жана башка адамдарга жаздырган», — деп белгилеген УКМК.

Коопсуздук комитети мүлктү табуу фактысы боюнча «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Судьянын декларациясында көрсөтүлбөгөн объектилерин издөө жана жогоруда айтылган иш боюнча тергөө амалдары уланууда.

УКМКнын билдирүүсүндө Бишкек шаардык сотунун кайсы судьясы мыйзамсыз байыган деп айыпталып жатканы так айтылган жок. Бирок кийин саясатчы Равшан Жээнбеков басма сөз жыйын куруп, кеп карындашы Мира Жээнбекова тууралуу болуп жатканын айткан.

Анын айтымында, карындашы тууралуу тараган маалыматтар чындыкка төп келбейт.

«Башка бирөөнүн мүлкүн карындашыма жана күйөө балабызга жазып коюшуптур. Биз муну жакын арада далилдеп беребиз. Күйөө балабыздын жеке менчик клиникасы бар, бизнес кылат, алар иштеп тапкан акчасын баарын ак эмгеги менен табышат, акча каражаттары кайдан келип чыкканынын булагы бар, ал эми УКМК жалган маалымат таратууда», — деп саясатчы белгиледи.