Коронавирустан алты киши каза болуп, 145 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 12-апрелде өлкөдө коронавирустун 145 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында төрт медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 107 (үч медкызматкер);

Чүй облусунда — 25;

Ысык-Көл облусунда — 5 (бир медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 3;

Ош шаарында — 2;

Нарын облусунда — 2;

Ош облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 103 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 66, Чүй облусунда — 29, Ош шаарында беш жана Жалал-Абад облусунда үч киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда эки жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 90 372ге жетти — алардын ичинде 4 307 медик бар. Оорудан 86 028 бейтап айыгып, 1 528 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 983 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 28и өтө оор абалда. Мындан сырткары 868 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.