Ысык-Ата: 5 жаштагы өгөй баласын аёосуз сабаган кишинин иши сотко өттү

Шектүү

Социалдык тармактарда белгисиз киши жаш баланы сабап жаткан тасма пайда болду. Жаш баланын мурду жана оозу канап кеткенине карабастан киши «эмне болду деп жатам мен сага?!» деп аны бетке чаап, бул аракеттерин видеого тарткан.

Ички иштер министрлиги бул окуя Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу «Энергетик» дачасында 22-февралда болгонун кабарлады. Алгач милицияга тасмадагы баланын апасы кайрылып, анын 33 жаштагы жолдошу 5 жашар өгөй баласын сабаганын билдирген.

Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери барып, шектүүнү кармаган. Ошол эле күнү укук коргоо органдары «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, шектүүнү убактылуу кармоочу жайга киргизген.

*Аталган берене боюнча күнөөлүү деп табылгандарга 40 сааттан 60 саатка чейин коомдук жумуштар, 4 айдан 6 айга чейин түзөтүү жумуштары же 30 миңден 60 миңге чейин айып пул каралган.

Эртеси күнү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, жаш баланын ден соолугуна жаракат келтирилгени аныкталган. Тергөө иштери 3-мартта аяктап, Ысык-Ата райондук сотуна өткөрүлгөн.

Өткөн жылдын ноябрь айында Сокулук районунда өгөй ата 6 жашар баласын сабап, денесин көгала кылган. Ошол эле күнү күндүз 25 жаштагы келин Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине күйөөсүнө чара көрүү үчүн арыз жазган. Маалыматка ылайык, келиндин 9 ай боюнда болгон.

Ал эми баланын денеси жана көзү көгала болгон сүрөтү социалдык тармакта тарап, анын ооруканага жаткырылганы кабарланган. Кийинчерээк баланын апасы күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн