Саламаттык сактоо министрлиги ТИМдин кызматкери эмнеден каза болгонун аныктады

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгонун билдирди. Шакиров 1-апрелде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда каза болгон.

Министрликтин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова маркум коронавируска каршы SinoPharm вакцинасын биринчилерден болуп алганын жазган. Ал эми министрлик бул маалыматты төгүндөп, Шакиров эмделгендердин тизмесинде жок болгонун маалымдаган.

Ошондой эле, министрлик иликтөөнү баштап, ТИМдин кызматкери каза болгон медициналык мекеменин башкы дарыгери, кулак жана мурун бөлүмүнүн башчысы жана медайымы кызматтан убактылуу четтетилген.

«Журналисттер жазыптыр “ал вакцинадан каза болду” деп. Элдин баардыгы коркуп, биз 2-3 күн эмдөөнү токтотуп турдук. Себеби эмдөөнү кылалы дегенде эле бизден баары сурап баштады: “каза болуп калган турбайбы, эмне болду?” деп. Биз иликтөө кылсак, ал [эне жана баланы коргоо борборуна] барып алып, аны жаткызып антибиотик сайып жаткан жерден анафилактикалык шоктон каза болуптур. Бул соттук-медициналык экспертизадан тастыкталды», — деди Бейшеналиев.

Буга чейин Шакировго ийне сайган медайым ал гайморитке каршы антибиотик алганын «Кактус Медиага» кабарлаган.

19-мартта Кыргызстанга кытайлык Sinopharm вакцинасынын 150 миң акысыз дозасы келген — ал 75 миң кишиге каралган. Вакцинаны биринчилерден болуп медициналык кызматкерлер, мугалимдер, жашы улгайгандар жана өнөкөт оорулары бар адамдар алышат.

Бейшеналиев жакынкы күндөрү орусиялык «Спутник V» вакцинасынын 30 миң дозасы келе турганын кабарлады. Жалпысынан Кыргызстан Орусиядан вакцинанын 376 миң дозасын сатып алат. Ошондой эле «Спутник V» вакцинасынын 500 миң акысыз дозасынын келүүсү июнь-июль айларында күтүлүүдө.

Мындан сырткары Бейшеналиев май-июнь айларында AstraZeneca вакцинасынын 405 миң дозасы келе турганын билдирди. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 3 807 киши эмдөөдөн өттү.