Бир кадр: Жапаров инфекциялык оорукананын «кызыл зонасына» барды

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын «кызыл зонасына» барды.

Ал бейтаптар жана аларды дарылоо шарттарына кызыгып, анын ичинде жандандаруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагы жарандардын ал акыбалын сурады.

«Кызыл зонадан» чыккандан кийин Жапаров медициналык кызматкерлерге өз жанын аябай иштегени үчүн ыраазычылык билдирип, бийлик алардын иш шарттарын акырындык менен жакшыртууну улантат деп убадалады.