Бишкек мэриясы 40 млн сомдон ашык акчаны парламенттик шайлоонун үгүтүнө жумшаган — УКМК

Бишкек мэриясынын кызматкерлери жана шаардык кеңештин депутаттарынын үстүнөн «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ыксыз коротуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөө аныктагандай, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жана мэриянын кызмат адамдары 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоонун үгүтүнө бюджеттик акча каражаттарын колдонушкан.

«2020-жылдын 8-июнунда Бишкек мэриясы “Бишкек шаарында жарандык демилгелерди ишке ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомду кабыл алуу аркылуу бюджеттик акчаны эсептен чыгаруунун мыйзамсыз жолу түзүлгөн», — деп УКМКдан билдиришти.

Коопсуздук комитети шектүүлөрдүн аты-жөнүн айткан жок. Бирок долбоорлор жөнөкөй жарандардын эмес, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен мэрия кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашканын белгилешет.

Натыйжада бюджеттен 43 млн сомго жакын каражат сарпталган. Ошондой эле, долбоорду мэриянын тармактык эмес бөлүмдөрү ишке ашырган. Бул иш боюнча тергөө уланууда.