«Табышкан экен күбөнү, мен көрбөймүн да». Бекешев 9-октябрь окуясы боюнча суракка чакырылды

Депутат Дастан Бекешев 2020-жылдын 9-октябрь окуяларына байланыштуу күбө катары суракка чакырылды. Анда УКТга каршы митингге чыккандарды өздөрүн Садыр Жапаровдун тарапташтарыбыз деген адамдардын тобу таш бараңга алышкан болчу. Бул тууралуу Бекешев телеграм-каналы аркылуу билдирди. Ошондой эле депутаттын айтымында, ал 2020-жылдын 5-6-октябрь окуяларына дагы күбө катары сурак берет. Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын митинги Ак үйдү басып алуу жана азыркы президентти колониядан бошотуп чыгуу менен аяктаган.

«Ички иштер министрлигинде 5-6-октябрь жана 9-октябрь окуялары боюнча эки кылмыш иши бар экен. Бүгүн 9-октябрь окуясы боюнча күбө катары чакырышты. Бирок 5-6-октябрь окуялары боюнча да чакырышаарын айтышты. Албетте күлдүм: “Табышкан экен күбөнү, мен эч нерсе көрбөйм, укпайм да”. Күлкүм келди», — деп жазган Бекешев телеграм-каналында. Депутат ошол күндөрү нааразылык акцияларында болгон көптөгөн башка саясатчыларды да суракка алышат деп эсептейт.

9-октябрь иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов жана Канат Сагымбаев, ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов жана башка саясатчылар кармалган. 2021-жылдын январь айында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 9-октябрдагы кагылышууда 7 адам жарадар болгонун жана буга мурдагы премьер Өмурбек Бабанов менен Атамбаев күнөөлүү экенин айткан.

Бирок эки Өмүрбек тең — Текебаев жана Бабанов — 9-октябрдагы башаламандыктардын артында экс-президент Сооронбай Жээнбеков турат деп айтышкан. Текебаев 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында митингге чогулган элдин «жарымынан көбү» «мурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун кишилери» деп айтып чыккан. Анын айтымында, Жээнбеков өзү бул фактыны мойнуна алган.

Бабанов да Жээнбеков менен сүйлөшкөнүнө таянган.

«Андан кийин Сооронбай Жээнбеков айтты: “Аларды [чагымчылдарды] менин адамдарым колдогон. Андан көрө силер мени менен сүйлөшсөңөр жакшы болмок”. Ошондуктан, бул кырдаалда үчүнчү тарап да бар», — деп саясатчы айтып берген.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев мындан кийин Жээнбековдун Атамбаевге кол салууга катыштыгы бар болушу мүмкүн деп билдирип, 9-октябрь окуялары боюнча экс-президентти, ошондой эле Текебаев менен Бабановду да суракка алууну суранган.