Бейшеналиев: COVID-19 менен ооругандарды уу коргошун менен дарылоо улантылат

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге коронавирусту жуктуруп алган бейтаптарды уу коргошун менен дарылоо токтотулбасын айтып берди.

Министр өзү врачтардын айлыгы 200%га жогорулаганда гана отставкага кетүүнү пландайт.

Уу коргошун менен дарылоо тууралуу

Бейшеналиевдин айтымында, COVID-19 менен ооруган бейтаптарды уу коргошун тамыры менен дарылоо улантылууда, анткени эч ким ууланган жок жана терс таасири байкалган эмес.

«Эч ким ууланган жок, зыян таасир алган жок. Мунун себеби — биз дозаны өзүбүз белгилейбиз. Келгиле, муну “уу коргошун”, же “Ысык-Көл тамыры” деп атабай эле коёлу. Мунун эл аралык аталышы — аконит. Бул өсүмдүк бүткүл дүйнөдө онкологиялык, тери оорулары, туберкулёз жана башка ооруларды айыктырууда колдонулуп келген. Мен кечээ Орусиянын көптөгөн илимий кызматкерлери менен сүйлөштүм. Алар: “Дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетине каршы дары издеп жатышат, эгер силер жакшы жыйынтыктарды алып жатсаңар, эмнеге уу-дуу болуп жатасыңар?” деп, таң калып жатышат. Биз азыр клиникалык сыноолорду өткөрүп туруп, баяндама кылабыз», — деди ал 24.kgге курган маегинде.

Бейтаптардын макулдугу тууралуу

16-апрелдеги маалымат жыйында Бейшеналиев бир нече ооруканада коронавирусту дарылоо үчүн аконит колдонулуп жатканын билдирген. Кийин бейтаптардын макулдугун албай эле тундурма ичирилип жатканы билинген — аларга жөтөлдөн арылтуучу каражат деп айтылган.

Министрдин айтымында, ооруп жаткандарга уу коргошун ичирген медкызматкерлердин бардыгы бейтаптарга аконит берилип жатканын түшүндүрүп, алардын макулдугун алышы керек болчу.

«Акониттин кыргызча аталышы уу коргошун, муну укканда көпчүлүк түшүнбөй, дарылануудан баш тартышы мүмкүн. Ошол эле клександы “уу клексан” деп аталат, курамында уу бар десе баш тартат. Ошондуктан кечээтен баштап бардык медиктерге “аконит” деп атагыла деген тапшырма бердим», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле, ал аконит коронавирустун экинчи толкунунда сыноодон өткөрүлгөнүн айтты. Министр мурда айткан сөзү боюнча, коронавирустун экинчи толкуну Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь айында башталган.

«Бул Токмокто болгон. Толук тизмесин жарыялагым келип жатат, каалаган журналисттер үйлөрүнө барып, силерге айтты беле, кол койдуңар беле деп сурап чыкса болот», — деди чиновник.

Отставкасы тууралуу

Ошондой эле, Бейшеналиев ээлеген кызматынан качан кетерин дагы айтып өттү. Анын айтымында, саламаттык сактоо министрлик кызматынан медиктердин айлыгын 200%га жеткиргенден кийин гана кетет.

«Мен кыска убакытта реформа кылдым. Медиктердин эмгек акысын 200%га көтөрүп туруп отставкага кетем. Жакын арада мен медиктердин айлыгын 200%га көтөрөм. Бюджетибиз жыртык болсо да керектүү акчаны таба алдым, аларды аткаминерлер мурда оңго-солго корото беришкен. 1-апрелден баштап, биринчи звенодогу персоналдын эмгек акысы 100%га көтөрүлдү*, 1-июлдан баштап калгандарына 50%га көтөрүп беребиз. Мен муну кайдан таптым деп сураңызчы. Мен таптым. Азыр мен Ошто иш сапар менен жүрөм, ар бир оорукананы карап чыгып, биздин аткаминерлер уурдап жаткан акчаларды тапкым келип жатат», — деди ал.

* 1-апрелден тартып Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин гана айлыгы 100%га жогорулаган. Ага ылайык базалык окладды 5 миң сомдон 10 миң сомго көтөрүшкөн. Ошол эле учурда, индикаторлордун жардамы менен иш баалоонун негизиндеги кошумча төлөмдөр жокко чыгарылган. Үй-бүлөлү дарыгерлер индикатордогу кошумча төлөмдөрдүн арты менен айына 25-30 миң сом маяна алып жүргөн болчу.

Тема боюнча окуңуз: Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды кантип жакшыртат? Түшүндүрөбүз

Буга чейин медиктер, юристтер жана жарандык активисттер саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди Кыргызстандын жарандарынын өмүрү менен ден соолугун тобокелге салганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан. Бейшеналиев болсо уу коргошунду дары кылып жазып берилгени үчүн өз жоопкерчилигин түшүнүп турганын билдирген

«Талап кылгылай алар ким экен? Алар жок дегенде докторлук диссертация, профессор деген ким экенин билишеби? Мен уу коргошунду дары катары сунуштап жатып, өзүмдүн жоопкерчилигимди дагы түшүнүп турам. Азыр дүйнө жүзү COVID-19га каршы колдонуп жаткан дарылар мыйзамдуубу? Этиологиясын, себептерин билбей туруп ар ким каалаганын жазып берип жатат. Анда медиктердин баарын июль окуялары үчүн камаш керек. Антибиотиктерди жазышкан, жардам берет деп айтышкан, чынына келгенде антибиотикти бербеш керек эле, ошодон баары өлүшкөн», — деп ачууланды Алымкадыр Бейшеналиев.

Ысык-Көл тамыры

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү.

Дарыны жасоо үчүн өсүмдүктөрдүн тамырлары колдонулат, тамырлар жазында жана кышында кардын алдынан чогултулат. Өсүмдүктүн бардык бөлүктөрүндө алкалоид, анын ичинде өтө уулуу аконит заты бар.

Президент Садыр Жапаров жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баш болгон бийлик Ысык-Көл тамырын коронавирусту дарылоо үчүн колдонууну пландап жатат.

Ал тургай Бейшеналиев басма сөз жыйында уу коргошундун залалсыз экенин далилдөө үчүн анын кайнатмасын да ичкен. Бул өсүмдүктүн медициналык изилдөөсүндө ал өтө уулуу экени айтылат.

Ошол эле учурда министр Ысык-Көл тамыры өлүмгө алып келерин дагы эскертип өткөн. Аконитке уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп, ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана жүрөк согуу ыргагы бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал.

Аконитти ичкенден кийин адамдын дене табы төмөндөйт, аритмия башталат, баш айланып адам калчылдап-титирейт. Дем жетпей, жүрөк токтоп калгандан адам өлүмгө дуушар болот.

Басма сөз жыйында министрдин уу коргошундун кайнатмасын ичкенин тарткан оператордун абалы начарлаган — бул уулу өсүмдүктү кайнатууда чыккан буудан улам болушу мүмкүн.

Журналисттердин тундурманын курамында канча уу коргошун бар деген суроосуна Бейшеналиев тундурманы президент экөө чогу кайнатып жатканын жана дозасын өлкө башчысы гана аныктаарын айткан.

ДССУ миссиясы короновирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча пикирин билдирүүгө үлгүргөн — адистердин маалыматына караганда, бул мүмкүн эмес. Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова «министр бешинчи протоколго [коронавирусту дарылоонун] эң уулуу чөптү кошкусу келип жатат», ал эл арасында «ит өлүм» деп аталат деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:Медик, юрист жана активисттер Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну талап кылышты

Күндүн иллюстрациясы: Аконитмен — Кыргызстандын жаңы «куткаруучусу»