Күндүн иллюстрациясы: Аконитмен — Кыргызстандын жаңы «куткаруучусу»

Сүрөтчү Татьяна Зеленская жаңы кыргыз «куткаруучусу» Аконитменди элге сунуштады. Анын дагы бир аты Уумен. Каарман Зеленскаянын «Күн батыш өлкөсү» «фантазиялуу ааламына» Жанни Родаринин «Чипполиносу» сыяктуу кирген.

«Күн батыш өлкөсүн» Зеленская 2020-жылдын октябрь айында презентациялаган. Анда сүрөткө үч каарман тартылган — айрым кыргыз саясатчыларына жана коррупцияга аралашкан чиновниктерге түспөлдөшкөн эки лимон жана бир помидор.

Электр чайнегин кармаган Аконитмен сүрөтү 17-апрелде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун тундурмасын кайнатып ичкенден кийин пайда болду. Анда министр коронавируска кабылган бейтаптарга аконит кайнатмасын ысык ичирүү үчүн бардык ооруканалар «тефаль» менен камсыздалат деп билдирген.

Министрдин айтымында, кайнатмадагы уу коргошундун дозасын Садыр Жапаров өзү белгилейт. Уу коргошунду түз эфирде ичкен министрге чейин президент өзү бул кайнатманы коронавирустун дарысы катары колдонууну сунуш кылган.

Аконит кайнатмасын ичүү? Ал уулуу да?

Аконит

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү. Дарыны жасоо үчүн өсүмдүктөрдүн тамырлары колдонулат, тамырлар жазында жана кышында кардын алдынан чогултулат. Өсүмдүктүн бардык бөлүктөрүндө алкалоид, анын ичинде өтө уулуу аконит заты бар.

Президент Садыр Жапаров жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баш болгон бийлик Ысык-Көл тамырын коронавирусту дарылоо үчүн колдонууну пландап жатат.

Саламаттык сактоо министри тамыр ашказан рагы менен радикулитти дарылоодо пайдалуу экенин айткан. Аконит ревматизмди айыктырган дары-дармектердин курамына кирген, бирок баары анын дозасына жараша болот.

Ошол эле кезде министр Ысык-Көл тамыры өлүмгө алып келишим мүмкүн экенин да танган эмес. Аконит менен уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер чыгат жана жүрөктүн согуу ыргагы бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындай абал 2-4 саатка чейин уланышы мүмкүн. 3,0-6,0 мг дозаны ичкен адам өлүп калышы да ыктымал.

ТЕМА БОЮНЧА:

КТРК ишмердигине тыюу салынган табыпты уу коргошун боюнча эксперт катары көрсөттү