Бейшеналиев: Коронавирусту дарылоо үчүн уу коргошундун дозасын президент гана аныктайт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги басма сөз жыйынында уу коргошундун коопсуз экенин далилдөөгө аракет кылды. Медициналык иликтөөлөрдө бул өсүмдүк абдан уулуу экени айтылган.

Журналисттердин тундурманын курамында канча уу коргошун бар деген суроосуна Бейшеналиев тундурманы президент экөө чогу кайнатып жатканын жана дозасын өлкө башчысы гана аныктаарын айтты.

«Ысык-Көл тамырынын дозасын аныктаган жападан-жалгыз адам учурда — бул президент. Мен да карап аныктай албайм, ошондуктан ар бир тамырдын жакшы жана ман жактары бар», — деди ал басма сөз жыйында.

ДССУ миссиясы короновирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча пикирин билдирүүгө үлгүрдү — адистердин маалыматына караганда, бул мүмкүн эмес. Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова «министр бешинчи протоколго [коронавирусту дарылоонун] эң уулуу чөптү кошкусу келип жатат», ал эл арасында «ит өлүм» деп аталат деп билдирген.

«Ысык-Көл тамыры» же «уу коргошун» медицинада «Жунгар аконити» деп аталат. Аконит уулуу өсүмдүктөрдүн катарына киргени менен салттуу медицинада колдонулат. Анткен менен «уу коргошундан» жасалган суюктукту ичип каза болгондор да жок эмес.

ТЕМА БОЮНЧА: Жапаров коронавирустан «уу коргошун» айыктырарын айтты. Эксперттер аны колдонбоого чакырды