Медик, юрист жана активисттер Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну талап кылышты

Медиктер, юристтер жана жарандык активисттер саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди Кыргызстандын жарандарынын өмүрү менен ден соолугун тобокелге салганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

Алар ачык кайрылуу жасап, аны Жогорку Кеңешке жана укук коргоо органдарына жолдошту. Бул тууралуу далилдөө медицинасы боюнча адис Бермет Барыктабасова кабарлады.

Ошондой эле, алар клиникалык сыноолорду жана препараттарды даярдоону негизсиз жүргүзүүгө тыюу салуу талабын коюшту. Мыйзамсыз дары-дармектерди өндүрүү адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна өтө кооптуу болушу мүмкүн.

Юристтердин айтымында, мыйзам лицензиясыз фармацевтикалык ишмердик жүргүзүүгө тыюу салаарын белгилешип, Бейшеналиев бузган көптөгөн мыйзамдарды көрсөтүп беришти.

Дарыгер Айсулуу Атаканова Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын окумуштуулар кеңешине, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, азыркы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн иликтөө жүргүзүп, аны окумуштуулук наамынан ажыратуу өтүнүчүн жиберген.

«Ал Кыргызстандын илимий коомчулугунун, жүздөгөн профессорлордун, миңдеген илим кандидаттарынын кадыр-баркына доо кетирди. Эгер окумуштуулар ушундай жосунсуз жоруктарга барып жатышса, Кыргызстанда жазылган диссертациялар, окумуштуулук наамдар түккө да турбайт. Бул киши учурда аткаруудагы мыйзамдарды гана бузуп тим болбостон, медицинанын «зыян келтирбе» деген негизги мыйзамын, илимий, этикалык нормалардын баарын да бузду», — деп Атаканова фейсбук барагында жазды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Коомдук кеңешинин төрайымы Бактыгүл Исраилова коронавирусту уу коргошун менен дарылоо — зыянкечтик жана бейтаптарды өмүрүнө коркунуч жаратуу деп атады.

«Медиктер коомчулугундагы саламаттык сактоо министри башында туруп жасаган жорук, албетте жапайычылык! Эң коркунучтуусу, бейтаптардын макулдугун албай туруп аларга уу ичирип, өмүрүн тобокелге салышкан. Бул адам укугун бузуу жана ден соолугуна атайылап зыян келтирүү», — деп жазган ал фейсбук барагына.

Эмне болду эле?

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынында президент Садыр Жапаров жарнамалаган уу коргошундун (аконит же күрөшчү) кайнатмасын ичкен.

Басма сөз жыйында Бейшеналиев уу коргошун коронавируска каршы бир нече оорукада колдонулуп жатканын да айткан. Кийинчерээк кайнатма бейтаптарга аларга айтпастан, какырыкты чыгарат деп берилгени аныкталган.

Саламаттык сактоо министри өзү Ысык-Көл тамыры өлүмгө себепчи болушу мүмкүндүгүн танбайт.«Биз оорулуларды бул суюктук менен дарылоого жооптуу врачтарга гана берип жатабыз, алар бул үчүн жооп берет. Эгерде адам муздак ичсе, ал беш мүнөт ичинде өлүп калат. Эгерде ал аны ичип туруп, артынан муздак суу ичип же балмуздак жесе да адам өлөт. Кыргыздар Ысык-Көл тамырын салттуу колдонот, ал кылымдар бою бизди дарылап келген», — деген министр.

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү.

Аконит булчуңдарды тырыштырып, шал кылуу таасирге ээ, тери, чел кабыктар аркылуу тез, ал эми ичеги аркылуу андан да тез сиңирилет. Кычыштырат жана анестезиялык касиеттери бар.