Орусияга кирүү үчүн атайын колдонмо аркылуу коронавируска тест тапшыруу керек — элчилик

Орусияга кирүүнү каалаган кыргызстандыктар үчүн жаңы эрежелер пайда болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Орусия өкмөтүнүн токтомуна ылайык, учуп келгенден кийин кыргызстандыктар «COVID-19суз саякатта» мобилдик колдонмосу аркылуу коронавируска каршы тесттен өтүп, терс натыйжалуу ПЧР-анализин көрсөтүшү керек.

Колдонмо Android тутумдуу телефондор үчүн Google Play, iOS үчүн AppStore’до жеткиликтүү.

Учуучу жарандар үчүн эрежелер:

  • «COVID-19суз саякатта» колдонмосун телефонго көчүрүү;
  • Колдонмонун тизмесиндеги лабораториялардын бирине (мындай лабораториялардын саны азырынча 10ду түзөт — Ошто экөө жана Бишкекте — 8) COVID-19 дартына тест тапшыруу;
  • Лабораторияга анкета толтуруу үчүн маалыматтарды берүү жана колдонмо көчүрүлгөн телефондун номерин көрсөтүү;
  • Арызда көрсөтүлгөн QR-кодду колдонмонун жардамы менен сканерлөө;
  • Учак конгондон кийин уюлдук телефондун экранынан QR-кодду көрсөтүү.

Ошол эле мезгилде COVID-19 тест учуудан 72 саат мурда тапшырылышы керек. Элчиликтен «эрежелер бардык жүргүнчүлөргө тиешелүү экенин» белгилешти.

Кыргызстан «COVID-19суз саякатта» санарип платформасына 2021-жылдын март айында кошулган. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова платформа эл аралык деңгээлдеги ишенимдүү көзөмөл менен камсыздайт деп билдирген.

Мындан тышкары, буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов колдонмого кошула турган лабораториялардын санын көбөйтүү сунушун киргизүү тапшырмасын берген.

«COVID-19суз саякатта» колдонмосун Кыргызстанда жүктөп алса болот. Азыр ал ЕАЭБдин бир нече өлкөсүндө: Орусия, Беларусь, Армения жана Кыргызстанда иштейт.