УКМК Жээнбековдун администрация башчысынын экс-биринчи орун басары кармалганын төгүндөдү

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы экс-президент Сооронбай Жээнбековдун администрация башчысынын мурдагы биринчи орун басары Алмаз Кененбаевдин кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

«Ал кармалган жок. Бул жалган маалымат», — деп билдирген УКМК Sputnik.kg басылмасына.

Буга чейин ЖМК өздүк булактарына таянып, 17-апрелде Кененбаевдин үйүндө тинтүү жүрүп, ал УКМК кызматкерлери тарабынан кармалганын жазган болчу.

Кененбаев деген ким?

Алмаз Кененбаев Сооронбай Жээнбековдун учурунда президенттин аппараттын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Ага чейин алты жыл катары менен Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.

2020-жылдын октябрь айындагы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин ээлеген кызматынан бошотулган.