Sputnik V менен эмдөө башталды, биринчилерден болуп аны 65 жаштан улуулар алат — ССМ

Кыргызстанда 23-апрелде калкты Орусиянын Sputnik V вакцинасы менен эмдөө өнөктүгү башталды. Бул жөнүндө саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлады.

Анын айтымында, биринчи этап менен 65 жаштан улуу курактагы жана өнөкөт оорусу бар адамдар эмделет. Орусиянын вакцинасы эң алгач Улуттук хирургия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеевге сайылды.

Министрдин айтымында, Кыргызстан бул вакцинанын бир миллион дозасына буйрутма берилген, анын ичинде 500 миңи гуманитардык жардам катары жеткирилиши керек. Бейшеналиев буйрутма берилген вакциналардын калган бөлүгү анын өндүрүлүшүнө жана сатыкта кенен болушуна жараша өлкөгө жеткирилет деп билдирди.

Ал эми кытайлык Sinopharm вакцинасы тууралуу болсо, министр азыр каалаган адам эмдөө алса болорун баса белгиледи.

«Бүт Кыргызстан боюнча калк эмделип жатат. Бизде Sinopharm бар эмеспи. 15 миңге жакын адам вакцина алды, балким андан дагы көп», — деди ал.

«Спутник V» тууралуу эмне белгилүү?

«Спутник V» — «Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиологияны изилдөө улуттук борбору» тарабынан иштелип чыккан Орусиянын өндүрүшүндөгү вакцина. Орусияда вакцина 2020-жылдын августунда эле каттоого алынган.

Орусиянын «Спутник V» вакцинасы сыноолордун үчүнчү фазасы башталганга чейин эле COVID-19 илдетине каршы каттоодон өткөн биринчи вакцина. Аны иштеп чыккандар вакцинанын таасирдүүлүгү 95%ды түзөт деп ишендиришкен.

* Сыноолордун үчүнчү фазасында ыктыярчылардын саны көбөйөт жана алар эки топко бөлүнөт. Биринчи топко вакцина, экинчилерге — плацебо сайылат.

Дагы окуңуз: Кыргызстан Pfizer вакцинасынан баш тартты, анын ордуна кайсынысы келет?

Клиникалык сыноолордун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы айтылбагандыгы жана шашылыш каттого алынуусу орусиялык вакцинанын имиджине терс таасирин тийгизип, илимий чөйрөдө нааразылык жараткан.

Бирок 2-февралда кадыр-барктуу The Lancet медициналык журналында орусиялык вакцинанын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы жарыяланган. Сыноого 19 866 адам катышкан. Ага ылайык вакцинанын таасирдүүлүгү 91,6% түзгөн, ал эми ыктыярчылардын эч биринде олуттуу терс таасири байкалган эмес.

Вакцина 60 жана андан жогорку жаштагы адамдарда дагы натыйжалуулугун көрсөткөн. Бирок ал жашы жетек электерге, кош бойлууларга жана эмчек эмизген энелерге сайылып сыналган эмес, ошондуктан вакцина бул топтогу адамдарга кандай таасир этери азыр белгисиз.

«Спутник V» үч жума аралык менен эки жолу сайылат. Вакцинанын экинчи компоненти куюлган соң үч жумадан кийин иммунитет пайда болот.

«Спутник V» Орусиядан тышкары Беларус, Аргентина, Боливия, Сербия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран, Гвинея Республикасы жана Тунисте катталган.

Кыргызстандагы эмдөө

22-апрелде өлкөгө Орусиянын Sputnik V вакцинасынын 20 миң дозасы келип түшкөн. Буга чейин министр препаратыты алууга кезек күткөндөр болуп аткандыктан вакцинаны бир эле транш менен алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын айткан. Бул себептүү 500 миң дозаны гуманитардык жардам катары алып келүү маселеси июнь-июль айларына жылган.

Ал сатып алынган вакцина кандай гана болбосун эмделе турган жарандарга акысыз болорун кошумчалаган. Бейшеналиевдин айтымында, орус вакцинасын сатып алууга 215 млн сом каралган жана сатып алынып жаткан вакцина гуманитардык жардам катары убадаланган вакцинага карганда эрте келет.

Кытайдын Sinopharm вакцинасы Кыргызстанга 19-мартта жеткирилген. Калкты коронавируска каршы бул вакцина менен эмдөө 29-мартта Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда башталган. Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмдөөдөн өткөрүлүүдө.

Кытайдын вакцинасы 75 миң адамга жетиши керек. Андан тышкары, Кыргызстанга COVAX* аркылуу май-июнь айларында 405 миң доза оксфорддук AstraZeneca вакцинасы келүүгө тийиш. Бул тууралуу дагы Бейшеналиев маалымдаган.

* COVAX – вакциналарды сатып алуу жана акыйкат бөлүштүрүү боюнча демилге. Бул программа боюнча экономикасы төмөн жана орто деңгээлде өнүккөн өлкөлөр үчүн вакциналардын бир бөлүгүн донорлор сатып беришет.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Кыргызстан COVAX программасынын алкагында вакцианалардын 2,6 млн дозасын аларын айткан.