Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келди

Кыргызстанга 22-апрелде орус өндүрүшүнөн чыккан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, «Спутник V» вакцинасы эртеңден баштап колдонула баштайт.

Ал буга чейин Кыргызстан препараттын бир миллион дозасына буйрутма бергенин, анын ичинде 500 миң дозасы гуманитардык жардам катары суралганын айткан. Бирок, азырынча калган дозалар качан келери белгисиз.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө

Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталган. Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмдөөдөн өткөрүлүүдө. Башкача айтканда, калгандар вакцинаны азырынча ала алышпайт.

Азыркы учурда COVID-19 илдетине каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы гана сайылууда. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 22-апрелге карата берген маалыматы боюнча 13 552 киши эмделген. «Спутник V» вакциянасынан тышкары Кыргызстанда COVAX* аркылуу май-инь айларында Оксфорддун AstraZeneca вакцинасынын 405 миң дозасы келери күтүлүүдө. Бул тууралуу да Бейшеналиe в билдирген.

* COVAX – вакциналарды сатып алуу жана акыйкат бөлүштүрүү боюнча демилге. Бул программа боюнча экономикасы төмөн жана орто деңгээлде өнүккөн өлкөлөр үчүн вакциналардын бир бөлүгүн донорлор сатып беришет.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Кыргызстан COVAX программасынын алкагында вакцианалардын 2,6 млн дозасын аларын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Элди толугу менен COVID-19га каршы вакцина менен камсыздоого каражат жетпейт — Кармышаков