«Фанаттары жазган». Байтерек президент телеграм-каналга билдирүү жазбай турганын айтты

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Садыр Жапаров» деген телеграм-каналдын өлкө башчысына тиешеси жоктугун журналисттерге билдирди.

Мурдараак бул телеграм-каналга эки сүрөт чыгарылган — биринчиси, «эки жүздүү эл бузар саясатчылар» тууралуу, ал эми экинчисинде — Батыш каржылайт делген уюмдар, саясатчылар жана ЖМКлардын схемасы көрсөтүлгөн.

Байтеректин айтымында, каналда мамлекет башчысы өзү эмес, анын фанаттары жана тарапташтары жазат.

«Анын “Кыргыз Республикасынын Президенти” деген бир эле каналы бар. Ал эми азыркы учурда президент өзү кандайдыр бир схема жөнүндө комментарий жазыптыр делген канал боюнча айта турган болсок, аны Садыр Жапаров өзү жазган эмес, анын фанаттары, тарапташтары жазышкан. Биздин IT-адистерибиз жеткиликтүүлүк коддорун жокко чыгаруу үчүн бул каналды ким ачып, ким башкарып жатканын издеп жатышат», — деди ал.

Бирок буга чейин, Галина Байтерек «Клоопко» бул телеграм-каналдын аныктыгын ырастыган болчу.

«Көөдөнү сокур»

3-мартта «Азаттыктын» фейсбук барагына видео жарыяланган, анда депутат Дастан Бекешев Конституциянын жаңы долбоорун сынга алып, «Ханституция» деп атаган. Ошол эле күнү, президент Жапаровдун фейсбук барагынан: «Көзү эле эмес, көөдөнү дагы сокур экен бул акмактын» — деген билдирүү калтырылган. Дастан Бекешев алты жашынан тартып көзү көрбөй калган.

Ал эми Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек өлкө башчынын фейсбук баракчасын «бирөөлөр бузуп киргенин» айтып, президенттин атынан жазылган акыркы комментерийлерге «эч кандай тиешеси жок» деп билдирген. Ал эми УКМК президенттин жеке барагын «чет мамлекеттен» бузуп кирүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзө баштаган.

Уу коргошун менен дарылоо

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон. Аны медицинада, ал тургай териге сыйпап колдонуу да өмүргө кооптуу.

Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген.

«Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз», — деп билдиришкен Фейсбуктан.

Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Тема боюнча окуңуз: «Балалап кетишине жол бербейли!» Бийлик каршы ой айткандарды кантип талатууда?