Фейсбук Жапаровдун уу коргошун тууралуу постун «жалган маалымат» деп өчүрдү

Фейсбук Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун «COVID-19 дартынан уу коргошун айыктырат» деген тариздеги постун өчүрдү. Бул маалыматты аталган социалдык түйүндүн басма сөз кызматы кат жүзүндө «Азаттыкка» тастыктады.

«Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз», — деп билдиришкен Фейсбуктан.

Андан сырткары, ушул эле билдирүү Жапаровдун Инстаграм аккаунтунан, телеграм-каналынан дагы өчүрүлгөн.

Президенттин маалымат кызматы бул боюнча комментарий бере элек. Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтеректен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Коронавирусту уу коргошун менен дарылоо

15-апрелде президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы аккаунтунан дарыгерлер коронавирустан айыктыруучу дары таап чыкканын билдирген. Андан тышкары тасма да жүктөгөн. Анда белгисиз кишилер уу коргошун же «Ысык-Көл тамыры» деп аталган чөптөн жасалган тундурманы бөтөлкөлөргө куюп жатканын көрүүгө болот.

Нускамасында тундурманы муздак ичүүгө катуу тыюу салынары көрсөтүлгөн — антпесе өлүмгө алып келиши мүмкүн деп жазылган.

«Коронавируска, ашказандын рак оорусуна, пневмонияга [...] дарылык касиети зор. Суу экен деп ичип албаш үчүн балдар [жетпей турган жерде] сактоо керек. Дарыгердин көрсөтмөсү менен ичиш керек», — деп айтылат нускамасында.

Көп өтпөй Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан коронавирусту уу коргошун менен дарылоо мүмкүн эмес деп билдиришкен. Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова Жапаровдун билдирүүсүн Кыргызстандагы медицина жана илимдин кулашы катары сыпаттаган. Барыктабасова саламаттык сактоо системасын бул көрүнүшкө бөгөт коюуга чакырган.

«Кайталап коёюн: аконит — бул уулуу өсүмдүк. Ал башка уулуу өсүмдүктөрдүн арасында да аз изилденген. Андан алысыраак болуу керек, муну адамдар түшүнүшөт [...] Аконитти колдонуу — өтө тез өлүмгө алып келет же анын кесепеттери да азаптуу. Уу организмдин ууланышына алып келет, бөйрөктөр жана боор иштебей калгыдай жаракат алат. Организм уулануудан өлөт», — деген ал.

Ал эми 16-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «президент Жапаровдун рецепти менен уу коргошундун кайнатмасы даярдалып», коронавируска чалдыккан бейтаптарга ичирип жатышканын ырастаган. Анын айтымында, «Ысык-Көл тамыры» же уу коргошун чөбүнүн кайнатмасын ичкен бейтаптардын ПЧР-анализдери «эки-үч күндө» терс жыйынтык көрсөтүп жатат.

Ошондой эле, тундурманы кайнатып түз эфирде өзү дагы ичкен. Андан тышкары, уу коргошундун дозасын бир гана президент аныктарын кошумчалаган. 

16-апрелдеги маалымат жыйындан кийин «Кактус» басылмасынын оператору өзүн начар сезип, ага тез жардам чакыртылган. Тез жардамга кайрылган учурда ууланууда колдонулуучу сунуштарды айтылган. Басылма белгилегендей, оператор уу тамырдан улам өзүн жаман сезгенин уккандан кийин тез жардам кызматкерлери тынчсызданып, абалы начарласа токтоосуз медициналык жардам алууну кеңеш кылышкан.

Президенттик аппарат уу коргошундун тундурмасы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, бардык санитардык талаптарды сактоо менен даярдалып жатканын 24.kg басылмасына билдирген. Ошондой эле кайнатма даяр болгондо дароо ооруканаларга түшөрүн, эркин сатыкта жок экенин кошумчалашкан.

Ысык-Көл тамыры жөнүндө

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү.

Аконитин булчуңдарды тырыштырып, шал кылуу таасирге ээ, тери, чел кабыктар аркылуу тез, ал эми ичеги аркылуу андан да тез сиңирилет. Кычыштырат жана анестезиялык касиеттери бар.

Уу коргошунду өз билемдик менен кайнатып ичкенде ууланышат. Уулануудан каза болгон адамдардын сөөгүн сойгондо гастроэнтериттин белгилерин, жүрөк булчуңдарынын, боордун, бөйрөктүн дистрофиялык өзгөрүүлөрүн, ашказанда бул өсүмдүктүн калдыктарын табышат.