УКМК президенттин фейсбуктагы аккаунтун бузуп киргендерди издеп жатат

УКМК Садыр Жапаровдун фейсбуктагы аккаунтун бузуп кирүү боюнча текшерүү жүрөрүн билдирди.

Ведомство аккаунтту «чет мамлекеттен» бузуп киришкенин маалымдады. Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Садыр Жапаровдун фейсбук социалдык түйүнүндөгү жеке аккаунтун белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулганын» жана анын акыркы комментарийлерге эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Мурдараак, фейсбукта президенттин аккаунттун атынан депутат Дастан Бекешевди кемсинткен комментарий жазылган эле.

3-мартта депутаттар Конституциянын жаңы долбоорун талкуулашкан. «Азаттык» басылмасы жыйындан тартылган видеону фейсбукка жарыялап, анда Бекешев Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сынга алып, аны «Ханституция» деп атаган.

Бекешевдин сүйлөгөнү тартылган видеонун алдындагы комментарийлерде президенттин жеке аккаунтунун атынан мындай комментарий калтырылган: «Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын — помощник». Дастан Бекешев 6 жашынан тарта көрбөй калган.

«Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт», — деп билдирди Байтерек.