Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылынын тургундары менен жолукту. Анда Өзбекстан менен жер алмашуу маселелери талкууланды.
*Ташиев 26-мартта Өзбекстандын Наманган облусу жана Жалал-Абад облусунун ортосундагы Чоң-Сай (Гавасай) тилкесинин 8 миң гектары «Кемпир-Абад» суу сактагычынын эсебинен Кыргызстанга өткөрүлгөнүн кабарлаган. Анткен менен аталган айылдын тургундары митингге чыгышып, Чоң-Сайдагы «талаштуу» делген 8 миң гектар жер мурдатан Кыргызстанга тийиштүү болгонун айтышкан.
Ташиев 1956-1957-жылдары Чоң-Сай тилкесинин 19 200 гектар жери жергиликтүү бийлик тарабынан Өзбекстанга «салыктык карыздын эсебинен» берилип кеткенин билдирди. Бирок бул чечим эки тараптын Жогорку Совети тарабынан бекитилген эмес.
«Ушуну менен биз “жок, бизге 19 миң 200 гектар жерибизди кайтарып алышыбыз керек” айтып жатабыз. Макул, ал жылдары салыктан кыйналып, турмуштан кыйналып берип салган экен, түшүнөбүз. Бирок ал аягына чейин бардык процедуралардан өткөн эмес экен да, аягына чейин жер берилип бүткөн эмес экен да. Булар менен талаш-тартышканга мүмкүнчүлүгүбүз жаралып жатат», — деди Ташиев.
Ошондой эле УКМКнын башчысы жер алмашуу маселеси Чоң-Сай тилкесинин 8 миң гектары менен аяктабашын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан 19 миңден ашуун гектар жерди кайтарып алууга мүмкүнчүлүктөр бар.
«Биз “Чоң-Сай жергилигин кантип кайтарып алабыз?” дегендин үстүндө комиссия менен өтө көп иштедик. Биздин эки-үч “рычагыбыз” бар. Эсиңерде болсун, “ушуну менен бүтөт экен” эмес. Ошонун бир эле “рычагы” — Левобережный канал болчу, ошону биз Чоң-Сайга койдук. Айттык “анда бизге ошол Чоң-Сайдан 15 миң гектар жерди бересиңер, 19 200 гектарды биз билебиз” деп. Бирок урушуп-талашып, 8 миңге түштү [...] Биз азырынча бир “рычагыбыз” менен 8 миң гектар жерди алсак, экинчи-үчүнчү “рычагты” жандырганда, Кудай кааласа, баарын алабыз деген үмүттө ушуга азырынча кол койгонбуз», — деди Ташиев.
*Өзбек ССРи «Кемпир-Абад» суу сактагычынан Левобережный каналын Баткен облусундагы Бүргөндү айылына чейин тартууга милдеттенме алган. Бул канал аркылуу Кыргыз ССРинин 20 миң гектар жери сугарылмак. Бирок өзбек тарап каналдын курулушун аягына чыгарылган эмес.
«Кемпир-Абад» суу сактагычы
Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. УКМКнын башчысы мындан ары кыргы-өзбек чек арасы «100 пайызга чечилгенин» билдирген.
Андан кийин, 30-мартта, Ташиев Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, Өзбекстанга «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен 50 гектарын бериле турганын билдирген. Ошондой эле «Кемпир-Абаддын» плотинасы да коңшу өлкөгө өтөт деп айткан
Ташиев суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды суу каптабай калаарын, ошондой эле сууну кыргызстандыктар тоскоолсуз пайдалана алышат деп ишендирген.
Бирок Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургундары «Кемпир-Абаддын» жанына боз үй тигип, Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан. Жолугушуу 19-апрелде өткөн. Анда Ташиев «эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн» билдирип, протокол кабыл алынса «чек арада чыр-чатак болбойт» деп ишендирген.
Ошондой эле, атайын кызматтын башчысы нааразычылык акцияларды уюштургандардын аты-жөнүн билерин белгилеп, чагымчылдык болуп жатканын айткан. Натыйжада УКМКнын башчысы Өзбекстанга барып протоколду кайрадан каратып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жерди алмашууга аракет кыларын убада кылган болчу.
Бирок Өзгөндүн тургундары буга нааразы болуп, мөөнөтсүз митинг уюштурган. Беш күндөн кийин, 25-апрелде, Ташиев Куршаб айылынын тургундары менен жолугушуп, «Кемпир-Абад» берилбей турганын бидирген.
Башкы беттеги сүрөт: Эркин Салиев