«Мекенчил» Айгүл Абдраева билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

Айгүл Абдраева

Айгүл Абдраева билим берүү жана илим министринин орун басарлык кызматына дайындалды. Абдраева бул кызматка 1-апрелде дайындалган, ал министрликтин илим маселелери боюнча тармагын тескейт.

Министрдин орун басары «Тил илими» боюнча доцент жана Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин профессорунун милдетин аткаруучусу. Абдраева бул кызматка келгенге чейин аталган университетте иштеп келген.

2020-жылдын октябрынын башында өтүп, бирок жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Абдраева «Мекенчил» партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкерлигин койгон. Бул партияны президент Садыр Жапаров жана УКМКнын учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев негиздеген.

23-апрелде Жапаров «Мекенчилдин» катарында жүргөн Адинай Марипованы президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы кылып дайындаган. Ошондой эле бул партиянын алдыңкы тизмесинде болгон Бактыбек Аманбаев Кыргызтандын АКШдагы элчиси кызматына келген.

Президент Садыр Жапаров мындан ары шайлоолорго «Мекенчил» партиясы катышпай турганын айтканы менен ал бийликке келгенден тартып «мекенчилдер» жогорку кызматтарга дайындалууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»