«Мекенчилден» талапкер болгон Адинай Марипова президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Адинай Марипова

Адинай Марипова президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров 23-апрелде кол койду.

Марипова 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Аталган партияны Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев негиздеген.

Марипова шайлоого чейин «Чемпион» каймана аты менен таанымал депутат Урмат Самаевдин консультанты болгон. Ошондой эле ал Бишкек эркин экономикалык аймактын башчысы Кудрет Тайчабаровдун бир тууганы.

Марипова президенттик шайлоодо Жапаровдун үгүт кампаниясында иштеген. Ал эми 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо ал «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдогон. Аталган партияны Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет. Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине аталган партия менен аттанып, депутаттык мандатка илинди.

Жакында эле Садыр Жапаров «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон Бактыбек Аманбаевди Кыргызстандын АКШдагы элчиси кылып дайндаган. Ага чейин Аманбаев өкмөт аппаратын жетектеген.

Президент Садыр Жапаров мындан ары шайлоолорго «Мекенчил» партиясы катышпай турганын айтканы менен ал бийликке келгенден тартып «мекенчилдер» жогорку кызматтарга дайындалууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»