Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодон кийинки массалык толкундоолордун кесепетинен Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кол жууп, Кубатбек Боронов жетектеген өкмөт отставкага кеткен.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы премьер-министр катары абактан чыгарылган саясатчы Садыр Жапаровду бекитип, кийинчерээк Жапаровго президенттин ыйгарым укуктары дагы жүктөлгөн.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого экс-депутаттар Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров түптөгөн «Мекенчил» партиясы катышкан. Алдын ала жыйынтыктар боюнча мекенчилдер 6,95% добушка ээ болушкан — Жогорку Кеңешке өтүү үчүн партиялар 7%дан кем эмес добуш алуусу керек болчу.

Анткен менен мекенчилдердин багын Жапаров бийликке келип ачты десек болот. Анткени Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин м.а болуп турганда да, андан кийин президенттик шайлоону жеңип чыккандан кийин да «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү ар кандай кызматтарга коюлган.

«Клооп» Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган партиялаштарын жана тарапташтарын бир жерге чогултту.

Өкмөт

Жапаров премьер-министр кызматына 2020-жылдын 14-октябрында дайындалган. Анын өкмөтүнүн курамына «Мекенчил» партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон Равшанбек Сабиров, Бактыбек Аманбаев жана Алымкадыр Бейшеналиев кирген.

Равшан Сабиров / Алымкадыр Бейшеналиев / Бактыбек Аманбаев

Жаңы өкмөттө Сабиров вице-премьер-министр, Аманбаев өкмөттүн аппарат жетекчиси, ал эми Бейшеналиев Саламаттык сактоо министри кызматтарына ээ болушкан.

*Равшанбек Сабиров 2011-2012-жылдары Социалдык өнүгүү министрлигин жетектеген. Бишкек шаардык соту 2013-жылы Сабиров «балдарды эл аралык асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан» деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал бир жылдан кийин мунапыс менен бошотулган.

Жаңы премьер-министр Улукбек Мариповдун өкмөтүндө Аманбаев жана Бейшеналиев өз кызматтарында калышкан. Ал эми Равшанбек Сабировду өлкө башчысы Садыр Жапаров 6-февралда өзүнүн кеңешчиси кылып дайындады.

Баса, Бактыбек Аманбаев 10-февралда анын талапкерлиги Кыргызстандын АКШдагы элчилик кызматына каралып жатканын кабарлаган.

Күч органдары

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Орозбек Опумбаев парламенттик шайлоодон кийин дайынсыз болуп, 9-октябрда кызматынан бошотулган. Ал эми Жапаров президенттин ыйгарым укуктарына ээ болгондон кийин УКМКнын төрагалыгына жакын досу Камчыбек Ташиевди дайындаган.

Ташиев Жапаровду 6-октябрда ал абактан бошотулгандан тарта коштоп жүргөн. Ал үчүн депутат Өмүрбек Текебаев Ташиевди «дос-секретарь» деп атаган. Эки саясатчы Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөндөн кийин ал отставкага кетүү чечимин кабыл алганы да айтылган.

Курманкул Зулушев

Кийинчерээк, 22-октябрда, Жапаров дагы бир партиялашын, депутат Курманкул Зулушевди башкы проркурор кызматына койгон.

*Курманкул Зулушев 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы катары «бийликти күч менен басып алууга» шектелген Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин караган. Зулушев жана судья Медербек Сатыев экс-депутаттарды актаган соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аларды «ишти кароодо мыйзам бузгандыгы үчүн» ээлеген кызматтарынан бошоткон. Ал эми 20-октябрда Жогорку сот саясатчыларды толук түрдө актаган.

Тариель Абитов

«Мекенчилден» талапкер болгон жана тизмеде «жумушсуз» катары көрсөтүлгөн Тариель Абитов 2020-жылдын 20-ноябрынан тарта ИИМдин академиясынын жетекчиси катары айтыла баштаган. Ошондой эле Абитов милициянын полковниги болгону маалымдалган. Ал эми буга чейин ал кайсы жерде иштегенин ачык булактардан табууга мүмкүн болгон жок.

Президенттик аппарат, судья жана Орусиядагы элчи

Жапаровдун партиялашы Нургазы Анаркулов 30-октябрда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Бирок Анаркулов бул кызматта көпкө турган эмес — ал 30-январда «ири суммадагы акча опузалоого» шектелип, УКМК тарабынан кармалган.

Нургазы Анаркуловдун кармалышы

Маалыматка ылайык, Анаркулов бул акчаны мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин «оң жагына» чечип берүү үчүн талап кылган. Кийинчерээк ал үй камагына чыгарылды.

Санжарбек Төлөнбаев

Парламенттик шайлоого чейин айдоочу болуп иштеген Санжарбек Төлөнбаев 2020-жылдын 10-декабрынан тарта президенттин түштүктөгү резиденциясынын жетекчиси болуп дайындалган. Төлөнбаев коомчулукта өзүнүн бөлмөсүнө Садыр Жапаровдун сүрөтү болгон килемди илип алганы менен белгилүү болгон.

Төлөнбаев бул килем Жапаров абакта болгондо токулганын билдирген. Көп өтпөй Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын имараттарына анын сүрөтүн илбөөнү сунуштаган.

Медетбек Букуев

«Мекенчилдин» дагы бир мүчөсү Медетбек Букуев 29-январда президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Ошондой эле 17-февралда Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүгү Болоткан Дүйшөналиевдин талапкерлигин Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө сунуштады. Дүйшөналиев «Мекенчилдин» парламенттик шайлоодогу тизмесинде 74чү болуп турган.

Гүлнура-Клара Самат (Клара Кабилова)

Ал эми 22-февралда Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнура-Клара Саматты (Клара Кабилова) Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кылып дайындады. Кабилова «Мекенчилдин» тизмесинде 8чи болгон.

Жергиликтүү бийлик

Жыргалбек Шакиев / Сабыркул Ашимбаев / Абсаттар Сыргабаев / Эрнисбек Ормоков

Жапаров премьер-министр болуп турганда партиялашы Сабыркул Ашимбаевди өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындаган.

Ал эми 19-октябрда Ташиевдин «өкүл баласы» делген Абсаттар Сыргабаев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бекитилген. Сыргабаев «Мекенчилден» парламенттик шайлоодо алдыңкы беш талапкердин катарында болгон.

Дагы бир мекенчил Эрнисбек Ормоков 3-декабрда Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 6-январында Аксы районуна Жыргалбек Шакиев башчы болуп келген. Шакиев да «Мекенчил» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.

Жапаровдун кудалары

Таштанбек Каймазаров / Турусбек Түмөнбаев

Factcheck.kg басылмасы Садыр Жапаровдун эки кудасы ал президенттин милдетин аткарып турганда мамлекеттик кызматтарга дайындалганын жазып чыккан. Атап айтканда «Унаа» мамлекеттик ишканасына Турусбек Түмөнбаев келсе, Миграция иштери боюнча мамлекеттик кызматтын башчылыгына Таштанбек Каймазаров барган.

Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууганы Акат Жапарованын, ал эми Таштанбек Каймазаров эжеси Райкүл Жапарованын кудасы экени айтылган. Каймазаров жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекенчилдин» тизмесинде 42чи болуп турган.

Кийинчерээк Жапаров бул маалыматты тастыктап, кудаларын бул кызматтарга «туруктуулукту сакташ үчүн» койгонун айткан.

Бишкек мэрлиги үчүн күрөшкөндөр

Парламенттик шайлоодон кийинки массалык толкундоолордон тарта бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарында төрт мэр алмашты.

Алгач мурдагы мэр Азиз Суракматов 20-октябрда отставкага кетип, анын ордуна Нариман Түлеев дайындалган. Бул дайындоо айрым тургундардын арасында нааразычылык жаратып, ондогон кишилер мэриянын алдына митингге чыгышкан. Чогулгандар бул кызматка «Мекенчилдин» мүчөсү жана «профессионал митингчи» делген Төрөкан Жунусбековду коюуну талап кылышкан.

Ал эми Жунусбеков Бишкек шаардык кеңештин депутаттары анын талапкерлигин колдогонун айтып, «дүйшөмбүдөн тартып» ишке киришүүгө даяр экенин билдирген. Бирок депутаттар Жунусбековдун талапкерлигин колдоп берген эмес.

Төрөкан Жунусбеков

Кийинчерээк Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тартып, анын ордуна Балбак Түлөбаев коюлган. Ал эми Жунусбеков «Мегакомдун» жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалган.

Түлөбаев мэрдин м.а. кызматын 9-февралда тапшырып, анын ордуна ишкер Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок премьер-министр Улукбек Марипов бир күн өтпөй Нургазиевди кызматтан алып, анын ордуна Бактыбек Кудайбергеновду койгон.

Русланбек Тагаев

Ошол эле күнү Кудайбергеновдун дайындалышына нааразы болгондор Бишкектин мэриясынын алдына митингге чыгышып, бул кызматка Русланбек Тагаевди коюусун талап кылышкан. Тагаев «Мекенчилдин» тизмесинде 9чу орунда турган. Бирок Кудайбергенов кызматын сактап калган.

Жапаровдун кызмат алган тарапташтары

Рыскелди Мусаев / Акин Токталиев / Замирбек Базарбеков

Садыр Жапаров 27-октябрда өзүнүн айылдашы Рыскелди Мусаевди Коопсуздук кеңештин катчысы кылып дайындаган. Мусаев жана Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылынан болушат.

Кийинчерээк Жапаров өзүнүн мурдагы адвокаттарын кызматтарга койгон. Алардын бири Замирбек Базарбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, ал эми Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп баштаган.

Токталиевдин дайындалышы мамкомиссиянын кызматкерлеринин арасында нааразычылык жараткан. Жамаат адвокат комиссияны башкара албайт деп эсептеген. Ошондой эле ведомствонун кызматкерлери Токталиев көп жылдар бою экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүгү үчүн соттолгондорго адвокат болгонун, ал кызыкчылыгын коргогондордун арасында Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» жана «Жайшуль-Махди» уюмдарынын мүчөлөрү бар экенин кошумчалашкан. Кийинчерээк Токталиев муфтияттагы ызы-чуунун шартында иштен бошотулган.

Садыр Жапаров жана Алмамбет Шыкмаматов

Президенттик шайлоодо Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды. Шыкмаматов өткөн жылдагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен катышкан.