Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Бактыбек Аманбаев

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын Америка кошмо штаттарындагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 16-апрелде кол койду.

Ал эми аталган кызматты буга чейин аркалап келген Болот Отунбаев ээлеген кызматынан бошотулду — ал экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси.

Аманбаев 2020-жылы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Жапаров жана Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясынын катарында катышкан.

Октябрдагы төңкөрүштөн кийин Жапаров премьер-министрликке бекитилгенде Аманбаев өкмөт аппаратынын башчысы болуп дайындалган. Ошондой эле Аманбаев жаңы дайындалган премьер-министр Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн курамында да калган.

Үстүбүздөгү жылдын 22-февралында Жапаров дагы бир «мекенчилди» кызматка дайындаган. Депутат Гүлнара-Клара Саматты (Клара Кабилова) Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»