Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлдү. Аны Жапаров өзү жетектейт

Садыр Жапаров 1-апрелде Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңештин курамына кимдер кирди?

Кеңешти президент Садыр Жапаров жетектейт. Андан тышкары жаңы түзүлгөн кеңештин курамына башкы прокурор Курманкул Зулушев, юстиция министри Асел Чынбаева, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кирет.

Кеңештин курамына макулдашуу боюнча юристтер да кирет — Адвокатура кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов, депутат Наталья Никитенко, «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова, Судьялар кеңешинин төрайымы Чынара Садырова.

Кеңеш эмне иш аткарат?

Жакынкы айда Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, анын ичинде аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдап жана кароого киргизиши керек.

«Кеңеш аталган иш-максаттардын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, ушул багыттар боюнча бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болот», — деп билдиришти президенттик аппараттан.

Кеңеш кантип иштейт?

Басма сөз кызматы таркаткан маалымат боюнча, президенттик аппараттын жетекчиси бир апта ичинде эксперттик жумушчу топту түзүгө тийиш. Бул топ төмөнкүлөр кантип колдонулуп жатканын талдап чыгат:

  • Жазык кодексин;
  • Жоруктар жөнүндө кодексин;
  • Бузуулар жөнүндө кодексин;
  • Жазык-процесстик кодексин;
  • Жазык-аткаруу кодексин;
  • Жарандык процесстик кодексин;
  • Административдик-процесстик кодексин.

Ошондой эле, бул топ Кыргызстандын бир катар: «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө», «Медиация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамдарын талдоодон өткөрөт жана Кеңешке сунуштарды иштеп чыгат.

Мындай эксперттик жумушчу топтор кийин Кеңештин ар бир ишмердүүлүк багыты боюнча түзүлөт. Кеңештин иштөө механизми тууралуу кенен маалымат жарлыкта көрсөтүлгөн эмес.

Бул эксперттик топ биринчи эмес

Буга чейин Кыргызстанда Мыйзамдарды инвентаризация жүргүзүү жөнүндө мекемелер аралык эксперттик топ түзүлгөн. Эксперттик топтун өзү президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн, өлкө башчысы жарлыкка 8-февралда кол койгон.

Эксперттик топ мыйзамдардын «социалдык адилеттүүлүк, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, укуктагы ички карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу принциптерине шайкеш келүүсүнө» текшерет.

Эксперттик топ ишинин аягында өкмөттүк аппаратка аныкталган дал келбестиктерди жоюуга багытталган сунуштарын бериши керек.

Дагы окуңуз: Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топ түзүлдү. Ал эмне иш кылат?