«Клооп» БШКны сотко берди. Комиссия шайлоодогу мыйзам бузууларды убагында караган жок

«Клооп» басылмасы 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн аракетсиздиги үчүн Бишкектин Административдик сотуна доо-арызын тапшырды.

«Клооп» Боршайком жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун жүрүшүндө мыйзам бузуулар тууралуу тапшырылган арыздарды өз убагында карабай койгону үчүн сотко кайрылуу чечимин чыгарды.

«Клооптун» юристтеринин айтымында, БШКга өтө көп арыз берилгендиктен ушундай кырдаал жаралды. «Клооп» даттануу мөөнөттөрүн өткөрүп жибербөө жана мыйзам алкагында иш жүргүзүү максатында сотко кайрылды.

«Клооп» БШКга эки арыз берди. Биринчи арыз өлкө боюнча көптөгөн шайлоо участкаларында добуш берүүнүн купуялыгы бузулганы үчүн берилген.

Экинчи арыз 21-апрелде Бишкек АШКсы Бишкек шаарындагы 7 шайлоо участкасында добуштарды кайрадан саноо чечимин чыгарганы боюнча берилген.

Добуштарды кайра саноого АСУ берген баштапкы протокол менен БШКнын сайтында жарыяланган соңку протокол ортосундагы айырмалар себеп болгон. «Клооп» байкоочулар шайлоо участкаларынан кеткенден кийин протоколдор кайра жазылганын аныктап чыккан.

Добуштарды кайрадан санагандан кийин Бишкек АШКсы кайрадан саноо боюнча протоколдорду өзгөртүүсүз бекитип койгон, анткени техникалык каталар шайлоонун жыйынтыгына таасир кылган эмес.

Бишкек АШКсы шайлоо участкаларында кызмат кылган адамдар чарчап, ката кетирип коюшканын, ошондуктан алар протоколдорду кайрадан жазууга аргасыз болушканын билдирген. Бишкек АШКсы мындай практиканы мыйзамдуу деп эсептейт. БШК бул маселе боюнча али чечим чыгара элек.

Мыйзам боюнча, БШК бул арыздарды тапшырылган күндөн кийин үч күндүн ичинде карап чыгышы керек болчу. Эгер материалдар өтө чоң болсо, БШК арыздарды беш күндө карап чыгууга милдеттүү. 26-апрель «Клооп» берген арыздарды карап чыгуу үчүн соңку күн болгон.

«Клооптун» юристи Камила Тогойбаеванын айтымында, 27-апрелде БШКнын отуруму өтүп, комиссия «Клооп» берген арыздарды карап чыгуу боюнча отурумду 29-апрелде саат 10:00го дайындаган.

«Эми Боршайком отурум дайындалгандыктан доо-арызды азырынча карабай туруу өтүнүчү менен сотко маалымкат же кат жибериши керек», — деп ал билдирди.

Бул шайлоо менен референдумга «Клооп» тарыхта эң көп байкоочуну — өлкө боюнча 3000ге жакын кишини жиберген. Байкоочулар 840 мыйзам бузууну катташкан.

Ошондой эле «Клооп» АСУ чыгарган баштапкы протокол менен БШКнын сайтында жарыяланган соңку протоколдор ортосунда жүздөгөн айырмачылыктарды да тапкан.