Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева каза болду

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева 29-апрелде 90 жашында каза болду. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Ата Мекен» партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз. Кайрат кылыңыздар!» — деп жазылат маалыматта.

Тилла Текебаева көптөн бери ооруп жаткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 30-апрелде Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Акман айылында өтөт.

Текебаев анын ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту кыскарткандан кийин бул чечимге апасы кубанаарын белгилеген болчу.

«Бүгүнкү чечимге кубана турган бир кишини билем ал — апам. Ал сот отурумундарын унутпай сурап турчу. Апам эртең менен реанимациядан чыкты, бул кабар ага күч кубат, дем берип айыктырат деп ойлойм. Апа баары жакшы болот», — деген саясатчы.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова каза болду

Эл жазуучу Бексултан Жакиев менен коштошуу зыйнаты опера жана балет театрында өтөт