Эл жазуучу Бексултан Жакиев менен коштошуу зыйнаты опера жана балет театрында өтөт

Кыргызстандын эл жазуучусу Бексултан Жакиев 25-апрелде 85 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, андан соң Жакиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты

Жазуучу 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.

Ал 1958-жылы КМУнун филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда билим алган. Алгач эмгек жолун 1963-1968-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары, 1992-1993-жылдары президенттин мамлекеттик кеңешчиси, «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, ошону менен катар КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген.

Жакиевдин «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмалары бар.

Аны коомчулукка тааныткан «Атанын тагдыры» аттуу драмасы Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.

Бексултан Жакиев Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалы менен сыйланган. Казакстандын Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. Ага Казакстандын «Астана» медалы берилген.