Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова каза болду

Бексултан Жакиев жубайы Сабира Турсункулова менен

Кыргыз эл жазуучусу маркум Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова 27-апрелде 84 жашында каза болду. Президент Садыр Жапаров Турсункулованын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Жакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

«Сабира апанын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу кайрат айтуумду, колдоо сөздөрүмдү кабыл алыңыздар. Мындан бир нече күн мурун эле Бексултан Жакиевдин дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды уктук эле, эми Сабира апа менен коштошуп жатабыз... Орду толгус оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам!» — деп жазылат маалыматта.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Белгилей кетсек, Бексултан Жакиев 25-апрелде 85 жашында дүйнөдөн кайткан. анын сөөгү дагы Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

«Сүйүү бар… Байбичемди сүйүп коюп келе жатам»

Сабира Турсункулова 1937-жылы 10-мартта Талас районунун Көк-Ой айылында туулган.

1956-1961-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1961-жылы Маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Бексултан Жакиев менен Сабира Турсункулова 65 жыл бирге жашап, эки уул, бир кыздуу болушкан.

«Сүйүү бар, болгон үчүн сен экөөбүз туулганбыз. Эми экинчи сурооңо жообум мындай: сүйгөм. Кыз кезинде колуктум болчу. Үйлөнгөндөн кийин – келинчегим, анан – аялым болду. Азыр байбичем, ошо байбичеми сүйүп коюп келатам дагы эле», — деп жазат Жакиев өзүнүн жубайына арнаган эссесинде.