Ок атышуунун кесепетинен 15 кыргызстандык жаракат алды — ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жаракат алган жети киши ооруканага жаткырылганын билдиришти. Алардын экөө оор абалда.

Ошондой эле жарадар болгон дагы 15тей кишинин келиши күтүлүүдө.

Учурда чек арадагы кырдаал чыңалуу бойдон калууда. Эки тараптын ок атышуусу токтой элек.

Чек арадагы чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүүгө аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматы бул маалыматты төгүндөп, коңшу өлкөнүн күч органдары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканын билдирди.

«Тажикстан социалдык тармактарга “жаңжалды кыргыз тарап курчутуп жатат. Бул үчүн алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда” деп тараткан маалыматы чындыкка туура келбейт», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы орто оор.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тартты.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди. Андан сырткары Ош — Баткен — Исфана жолу жабылды.