Чек арадагы чыр: Ош — Баткен — Исфана жолу жабылды

Сүрөт: Чолпон Бердикулова

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Ош — Баткен — Исфана автожолундагы Төрт-Көчө аймагы жабылганын кабарлады. Мындай чечим кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам кабыл алынды.

Учурда «Головной» суу бөлүштүрүүчү жер жайгашкан Ак-Суу дарыясынын аймагында абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон. Эки өлкөнүн жарандары чогулган жерлеринен тарай элек.

Көк-Таш айылында жүргөн «Клооптун» журналисттери ок атуулар угулуп жатканын билдиришти. Ал эми «Турмуш» басылмасы жергиликтүү тургундарга таянуу менен тажикстандыктар Көк-Таш айылындагы трансформаторлорго ок чыгаргандыктан айыл электр энергиясыз калганын жазды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүүгө аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тартты.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди.