Атамбаев инфаркт болуу алдында турат — адвокат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы инфарктка жакындап калды. Бул тууралуу «Клоопко» анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, Атамбаевдин ден соолугу апрель айынын башында эле начарлап баштаган, бирок ал учурда коомчулукка жарыялабай турууну туура көрүшкөн.

«Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу диагноздор апрель айынын башында эле айтылган. Атайын врачтар келип текшерип, инфарктка жакындап калганын айтышкан. Бул учурга чейин биз коомчулукка чыгарбай жатканбыз. Азыркы учурда абалы өтө олуттуу болуп калды, ошол себептен биз коомчулукка чыгарууну туура көрдүк», — деди Жоошев.

Ал ошондой эле, Атамбаевдин саламаттыгын Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиолог дарыгеры Медет Бейшенкулов жана нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Буранбек Дюшеев текшерип, диагноз койгонун кошумчалады.

Жоошевдин айтымында, Атамбаев №47 түзөтүү абагына которулгандан баштап ден соолугу кескин начарлаган.

14-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кандай экенин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Тиешелүү буйрукту судья Азирет Медеров «Кой-Таш окуясы» боюнча сот процессинде кабыл алган. Анда КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева сот отуруму экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулганын айткан.

Кой-Таш окуясы

2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн анын үйүн штурмга алган. Буга чейин ички иштер министрлиги Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча күбө катары суракка үч жолу чакырган, бирок ал келбей койгон.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта, Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын алты кызматкерин туткунга алышкан. Ошондой эле, штурм учурунда спецназчы Үсөнбек Ниязбеков октон каза таап, Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийип, жаракат алган. Бир жылдан ашуун убакыттан кийин Курманкулов генерал-майор наамына ээ болгон.

Ал эми 8-августта Атамбаев кармалып, УКМКга жеткирилгенден кийин анын жүздөгөн тарапташтары Ала-Тоо аянтына чыгышкан. Борбордук аянтка барган укук коргоо органдары митингчилер менен кагылышып, аларды күч менен тараткан.

Укук коргоо органдары «Бийликти күч менен басып алуу», «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу» жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренелери боюнча бир нече сотко чейинки өндүрүштү баштаган.