Кой-Таш окуясында башынан жаракат алган Курманкуловго генерал-майор наамы ыйгарылды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалгынын башчысы Самат Курманкулов милициянын генерал-майору наамын алды. Тиешелүү жарлыкка 5-мартта президент Садыр Жапаров кол койду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн 2019-жылы 7-августта штурмга алуу учурунда Курманкуловдун башына таш тийип, жаракат алган. Алгач Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, өзүнө келбей абалы оорлогондо 12-августта Москвадагы Бурденко борборуна которулган. Ал жактан башына операция жасалгандан кийин 2020-жылы апрелде Кыргызстанга кайткан.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу эки күнгө созулган — 7-8-август күндөрү. Ошондо төшүнө тийгек октон бир спецназчы каза таап, 170ге чукул адам ар кандай жаракат алган.

Буга чейин Курманкуловго экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйлаган.

Кош-Таштагы окуя

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн 7-8- августта штурмга алган. Атамбаев күбө катары суракка алынмак бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Атамбаев камалгандан кийин, ал айыпталуучу катары өтүп аткан «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон.