Атамбаевдин саламаттыгын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Алмазбек Атамбаев

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кандай экенин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Тиешелүү чечимди 14-апрелде судья Азирет Медеров «Кой-Таш окуясы» боюнча сот процессинде кабыл алды. Жолдубаева сот отуруму экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулганын кошумчалады.

Ошондой эле, КСДПнын өкүлү отурумга шектүүлөрдүн бири, экс-депутат Равшан Жээнбеков келбегенин билдирди — ал коронавирус жуктуруп алганы божомолдонууда.

Кой-Таш окуясы

2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн анын үйүн штурмга алган. Буга чейин ички иштер министрлиги Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча күбө катары суракка үч жолу чакырган, бирок ал келбей койгон.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта, Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын алты кызматкерин туткунга алышкан. Ошондой эле, штурм учурунда спецназчы Үсөнбек Ниязбеков октон каза таап, Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийип, жаракат алган.

Бир жылдан ашуун убакыттан кийин Курманкулов генерал-майор наамына ээ болгон.

Ал эми 8-августта Атамбаев кармалып, УКМКга жеткирилгенден кийин анын жүздөгөн тарапташтары Ала-Тоо аянтына чыгышкан. Борбордук аянтка барган укук коргоо органдары митингчилер менен кагылышып, аларды күч менен тараткан.

Укук коргоо органдары «Бийликти күч менен басып алуу», «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу» жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренелери боюнча бир нече сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Атамбаев, Жолдубаева жана Жээнбековдон сырткары бул иштин фигуранттары катары депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, президент аппаратынын экс-башчысы Фарид Ниязов, мамлекеттик күзөттүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев жана башкалар өтүүдө.

Учурда Атамбаев, Мискенбаев жана Ниязов тергөө абагында калууда, калган шектүүлөр үй камагына чыгарылган.