«Тажикстандан зыяндын ордун толтурууну талап кылбайбыз» — Ташиев

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган жергиликтүү тургундардын үйлөрүн кыргыз өкмөтү калыбына келтирет. Бул тууралуу 2-майда улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районунун Максат айылынын жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

«Биз Тажикстанга зыянды көтөрүп бер деп кайрылбайбыз. Өзүбүздүн күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Өзүбүз элге үйлөрдү курабыз. Эгерде, качандыр бир убакта тажик тарап кылган иштерине өкүнүп, келтирген зыянды калыбына келтирем деп кайрылса, аны да карайбыз. Бирок азыркы күндө Тажикстандан жардам бер суранбайбыз. Өзүбүздүн күчүбүз жетет», — деп билдирди Ташиев.

УКМКнын төрагасы бийлик жакын арада үйлөрдү калыбына келтирүүнү баштайт жана «суук түшкөнчө, сентябрга чейин» курулуш иштери бүтөт деп ишендирди.

Кыргызстандын президентинин аппараты дагы өз кезегинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардан улам жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтириле турганын кабарлады.

Президенттик аппараттан калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлар мамлекеттин эсебинен бекер курулуп берилерин белгилешти.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн бийлиги бир нече жолу ок атууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу билдирүү жасап, бирок макулдашуу аткарылган эмес.

1-майда эки тараптын УКМК башчылары жетектеген өкмөттүк комиссиянын мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоо боюнча сүйлөшүүсү өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскерлерди туруктуу жайгашкан ордуна алып кетүүнү макулдашкан. Ошондой эле, тараптар «максаттуу макулдашууга жетишкенин» жана төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын айтышкан.

Бирок эки өлкөнүн УКМК башчылары протоколдун мазмунун ачык айтышкан эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2-майдын таңына карата 34 адам каза таап, 179 адам жаракат алган. Жаңжал чыккан аймактан 33 388 Кыргызстандын жараны эвакуацияланган, алардын ичинен 19 142си жаш балдар.

ӨКМдин маалыматына таянсак, Баткен облусундагы чек ара жаңжалында 78 турак үй жабыркаган. Ошондой эле, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир бала бакча, милициянын имараты, үч чек ара өткөрмө бөлүгү, он май куюучу жай жана сегиз дүкөн өрттөлгөн жана талкаланган.

Тажик тараптан дагы жабыр тарткандар бар. Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза тапкан. Тажикстандын бийлиги чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыр тарткандар жана кыйраган имараттар тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Кыргызстанда 1-2-май аза күтүү күнү деп жарыяланган.

3-майга карата Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасына чукул жайгашкан айылдарда акыбал туруктуу. Бул тууралуу ИИМ кабарлашкан. 3-майга караган түнү ок атышуу жана башка окуялар катталган эмес.

Башкы беттеги сүрөт: Хамидулло Узаков

Лейлектин Максат айылынан сүрөт баян

Сүрөт баян: Чек арадагы ок атуулардан Баткен — Исфана жолунда талкаланган унаалар