Баткендеги кан төгүлгөн аймактан 33 миңден ашуун кыргыз жараны эвакуацияланган

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан улам Ак-Сай, Актатыр, Карабак, Самаркандек, Жаңы-Жер, Бешкент жана Кулунду айылдарынан 33 388 киши эвакуацияланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Алардын ичинен 14 246сы чоң кишилер, 19 142си жаш балдар. Айрым чектеш айылдарда үйлөр өрттөлгөндүктөн, көчүрүлгөндөрдүн бир бөлүгү үй-жайсыз калды — алардын кайтып келерге турак жайы жок. Өрттөлүп жок болгон үйлөрдү ким, кантип калыбына келтирет, али белгисиз. Буга чейин, Түркия чыр-чатактан зыян тарткан райондорду калыбына келтирүүдө жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Эвакуацияланган кыргызстандыктарды дарыгерлер карап чыгышты. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алардын көпчүлүгүндө «ситуациялык стресс жана артериялык кан басымы жогорулатылганы» аныкталганын билдирген. Жаңжалдан жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

«Дарыгерлер жеринде госпитализацияланган жарандарга да, азыркы учурда мектептерде, бала бакчаларда жайгаштырылган эвакуацияланган үй-бүлөлөргө да медициналык жардам беришүүдө», — деди Солтонбекова.

Кыргызстандыктар гуманитардык жардам топтоп, аны жаңжалдан зыян тарткан, эвакуацияланган жарандарга жиберип, өз жардамын көрсөтүп жатышат.

«Гуманитардык жардам жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коштоосу менен Баткен облусуна бара жатышат. Ошондой эле, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү процессин жеңилдете турган атайын өткөрмө документтери даярдалып берилген», — деди Солтонбекова.

Анын айтымында, Баткен облусуна гуманитардык жардам Бишкек, Ош шаарларынан, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарынан жиберилүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган, 29-апрелде эки тарап бири-бирине таш ыргытуудан тышкары, курал-жарак колдонулган кагылышуулар башталган. Баткен ОИИБи Тажикстандын аскерлери автомат, пулемёт, миномёт сыяктуу өтө чоң зыян келтирген ок атуучу куралдарды колдонуп, жай тургундардын турак-жайларын аткылаганын билдирген. 28-апрелден 1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 12 жаштан 60 жашка чейинки 34 кыргыз жараны каза таап, 178 киши жарадар болгон.

29-апрель күнү эки тараптын Тышкы иштер министрликтери ок атышууларды токтотуу боюнча макулдашканы менен кагылышуулар уланып турган. Кыргыз-тажик премьерлери, атайын кызматтар жана президенттер чек арадагы акыбал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Казакстан, Өзбекстан, ЖККУ жана БУУ Кыргызстан менен Тажикстанды кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган. 1-май күнү эки тарап акыбалды тынчтык жолу менен чечүүнү сүйлөшүшкөн.