«Кесибин сүйчү, акыры мекен деп жан берди». Эсентурдун агасы маркум инисин эскерди

Эсентур Кубанычбек уулу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон №2053 аскер бөлүгүнүн атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын жоокери Эсентур Кубанычбек уулу 1-май күнү өзү туулган Ат-Башынын Ак-Муз айылында жерге берилди. Маркумдун бир тууган агасы Амантур Кубанычбек уулу «Клооптун» журналисттерине маек куруп, «Эсентур кесибин абдан сүйчү, бирок алдыга койгон чоң максаттарына жетпей калды» деп көзүнө жаш алды.

Эсентур Кубанычбек уулу Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында 1991-жылы 22-январда туулган. Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектепти 8-класска чейин окуп, андан кийин Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинде окуусун уланткан. Кийин Орусиянын Курган шаарындагы аскердик окуу жайдан билим алган.

Амантурдун айтымында, иниси эки апта мурун эле Баткенге кетип жатып, «чек арада абал тынчыганда келем» деп жакындарына айткан.

«Эсентур элпек, ак көңүл бала эле. Кесибин аябай жакшы көрчү. Мен бул кесипти анча деле жакшы түшүнбөгөндүктөн айткандарына көп маани берчү эмесмин. Баткенге кетерде телефон чалган. Негедир башкача сезим болду, ичим ачышты… 28-апрелде ок атышуу башталган экен, мен аны интернеттен окудум. Дароо Эсентурга чалдым. Ал “мага чалбагыла беш сааттан бери ок атышуу болуп жатат, мен өзүм чалам” деп телефонун өчүрүп койду. Мага айткан акыркы сөзү ушул болду. Кийин чалсам телефону өчүк болуп калды», — деди, көз жашын тыя албаган агасы.

«Күзүндө үйлөнөм деп жүргөн»

Эсентур үч бир туугандын экинчиси болгон. Эки жашында атасынан айрылып, Эсентур, Амантур, Айсулуу чоң апасынын колунда чоңойгон.

«Акыркы жылдары мал курап, жылкысы бир үйүр болуп калган. Айылга там салалы деп, пайдубалын куйган. Быйыл күзүндө үйлөнсөмбү деген ойлору бар болчу. Атам кайтыш болгондон кийин, апабыз башка турмушка чыккан. Биз катташчу эмеспиз. Кийин Эсентур экөөбүз апама жолугуп, катышып калганбыз. Бала кезибизде жокчулуктун азабын көп тарттык. Айылга гуманитардык жардам келсе бизге биринчи беришчү. Эски тамда жашачубуз. Чоң апам дагы иштечү эмес, кыйналып жашадык», — деди Амантур.

Эсентур Кубанычбек уулу. Сүрөттү агасы Амантур Кубанычбек уулу жөнөттү.

Бир ай мурун эле карындашы Айсулуу турмушка узаган. Бирок Эсентур жумушунан бошобой тоюна барган эмес.

«Жумушуна байланыштуу ар кайсы жерлерди кыдырып көп кетчү. Биз менен деле көп сүйлөшчү эмес. Телефон тартпаган жактарда болчу. Бир ай мурун карындашыбызды турмушка узаттык. Тойго келе алган жок. Мен дагы үйлөнгөндө тоюма катышпай калган. Балалуу болгондо дагы баламды кеч көрдү. Ушунчалык мекенин, жумушун биринчи орунга коюп жакшы көрчү. Акыры мекен үчүн жанын берди», — деди ал.

Эсентур генерал болом деп кыялданчу. Бирок ал кыялына жетпей калды. Амантур балким иниси эрте үйлөнүп калса Баткенге барбай калат беле, деп өзүнө-өзү суроо берет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, анын ичинде 12 жаштан 60 жашка чейинки 35 кыргыз жараны каза тапкан.

Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагында миномёттон атылган октон көз жумган.

Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы чек ара чырында 15 тажикстандык каза болгонун жана 90 адам жабыркаганын билдирген. Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар бар.

Тема боюнча: Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү

«Телефон чалбагыла, жарык күйсө бизди атат». Чек ара чырында каза болгон аскер жерге берилди

«Үйлөнөйүн деп аткан». Октон жарадар болгондорго жардам берем деп каза тапкан Баяман