Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү

8-майга карата саламаттык сактоо министрлигинен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 189 киши жарадар болуп, анын ичинде 36 киши каза тапканын билдиришти. Куралдуу жаңжалда набыт болгондордун арасында 12 жаштагы Мадина Рахматжанова жана 4 жашар Абидин Турсунбаев бар.

Окко учкан аскер кызматкерлери

Манасбек уулу Нурсултан 1992-жылы Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси. 2010-жылы орто мектепти аяктаган соң жогорку Аскер окуу жайына тапшырып, 2015-жылы аяктаган. №2053 аскер бөлүгүнүн 3-отрядынын командири болчу. Мамлекеттик чек ара кызматынын капитаны. Манасбек уулу Нурсултандын сөөгү 1-майда Дейрес-Сай айылында жерге берилди.

Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович 1991-жылы Ат-Башы районунун Ак-муз айылында туулган. Ак-Муз айылында 8-класска чейин окуп, кийин Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин аяктаган. Орусиянын Курган шаарындагы аскер окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. УКМКнын Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы кызматынын 2053-аскер бөлүгүнүн командири. Аскердик чини капитан. Нарын шаарында «Бөрү» отрядынын командиринин орун басары болуп иштеген. Жакындарынын айтымында 20 күн мурун Баткенге кызмат өтөөгө жөнөп кеткен. Аскердин сөөгү Нарын облусунда жерге берилди.

Юлдашев Бекзат Давлатжанович 1991-жылы Исфана шаарында туулган. Сегиз жылдан бери аскер кызматында иштеп келген. №2021-аскер бөлүгүнүн прапорщиги. Бекзат Юлдашевдин артында үч баласы калды.

Мекенди коргойм деп каза тапкан үч аскер тең «Бөрү» атайын даярдыктагы отрядда кызмат кылышкан.

Баткен облусундагы чек-ара чырында көз жумган мекендештер

Каратаев Мамасалы Калбаевич — 1977-жылы 26-июлда туулган Көк-Таш айылынын тургуну;

Тагаев Сүйүн Ураимович — 1969-жылы 14-мартта туулган Баткен шаарынын тургуну;

Каработоев Алтынбек Жалилович — 1982-жылы 18-майда туулган Кадамдай шаарынын тургуну;

Адбрахманов Баяман Гапарович — 1998-жылы туулган Баткен шаарынын тургуну;

Үсөн уулу Рашид — 1973-жылы туулган Баткен шаарынын тургуну;

Ганиев Жамшит Кайимович — 1990-жылы туулган Чет-Булак айылынын тургуну;

Рахматжанова Мадина 2009-жылы туулган Кулунду айылынын тургуну;

Сайдаров Махаматрасул Махадасавич — 1985-жылы туулган Кара-Бак айылынын тургуну.

Нурумбаев Дастан Пайзуллаевич — 1983-жылы туулган Кызыл-Бел айылынын тургуну.

Махамадали уулу Мидин — 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну

Мусаев Уланбек Эшанкулович — 1991-жылы туулган Баткен шаарынын тургуну;

Темирбаев Чыңгыз Темирбаевич — 1995-жылы туулган Бужум айылынын тургуну;

Бактияров Салим Эрмаматович — 1963-жылы туулган Кызыл-Бел айылынын тургуну;

Эргешаалы уулу Тынчтыкбек — 1991-жылы туулган Кара-Бак айылынын тургуну;

Саттаров Турдубай Азимович — 1988-жылы туулган Кара-Бак айылынын тургуну;

Камчиев Медербек Абдисаматович — 1995-жылы туулган Кызыл-Жол айылынын тургуну;

Аманов Жаркынбек Асанович — 1988-жылы туулган Бужум айылынын тургуну;

Абрахманов Мырзабек Абдыгапарович — 1991-жылы туулган Бужум айылынын тургуну;

Абдывахап уулу Султанбек — 2002-жылы туулган Кызыл-Жол айылынын тургуну;

Бахридин уулу Өмүрбек — 2003-жылы туулган Кызыл-Жол айылынын тургуну;

Тажибаев Мооланбек Кошунбетович — 1990-жылы туулган Жаны-Жер айылынын тургуну. «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктуна барганда ок тийген, артында 3 баласы калды;

Тагайбаев Алижан Тургаевич — 1990-жылы туулган Баткен шаарынын тургуну;

Жигитаалы уулу Дуулатбек — 1988-жылы туулган Кара-Бак айылынын тургуну;

Исманов Тойчубек — 1958-жылы туулган Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылынын тургуну;

Зикиров Шухратбек Умарбекович — 1989-жылы туулган Ак-Сай айылынын тургуну;

Арыпбай уулу Шумкарбек — туулган жери тактала элек;

Аманов Асамидин Жамалидинович — 1973-жылы туулган;

28-жарандын өздүгү тактала элек;

Бактияров Азизбек Бактиярович — 1997-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну.  

Ражапбай Эгембердиев — 1967-жылы туулган Максат айылынын тургуну

Абидин Турсунбаев — 2016-жылы туулган Арка айылынын тургуну 

Ок тийип каза тапкан 12 жаштагы Мадина: «Көчөгө карай качышкан экен эле, ошондо аларга ок тийиптир» 

4 жашар Абидиндин өлүмү: «Ооруканага жете алган жокпуз». Абидиндин жакындары кырсык тууралуу