«Үйлөнөйүн деп аткан». Октон жарадар болгондорго жардам берем деп каза тапкан Баяман

Кыргыз-тажик чек арадасындагы ок атуулардан каза болгондордун бири Баткен шаарынын тургуну 23 жаштагы Баяман Абдурахманов. Ал 29-апрель күнү ок тийген кишилерге достору менен жардам бергени баратып өзү да ок жеп каза тапкан.

Куралдуу кагылышуу орун алган Көк-Таш айылына жакын жерде Баяман достору менен барган. Бирок Ош — Батен — Исфана жолунун Миң-Өрүк, Көк-Таш аймактарынан өткөн унааларга Тажикстан тараптан ок чыгарылгандыктан кыргыз аскерлери алар бараткан унааны токтоткон. Абдурахманов алгач аскерлерге тамак-ташып, дары-дармек ташып жардам берип жаткан. Кийинчерээк «Лексус» үлгүсүндөгү кыргыз унаасына ок тийип, андагы кишилер жардам сурап атканы тууралуу кабар келет.

Баяман «Хонда Фит» унаасында дагы беш киши болуп жабырлануучуларга жардам берүү үчүн чыгып кетишет. Бирок жарым жолдо аларга да ок атылып, айдоочу дароо жан берет. Андан соң дагы эки киши каза болот. Калган үч кишини 3-4 сааттан кийин БТР алып чыгып кетет.

«Машинада 2 саат кыймылдабай жаттык. Ошол жерде турсак БТР келип калды. Ага кол булгасам токтоду. Ага тоо жакты көрсөтүп, “ошол жакта тажиктер” дедим. Ал анан атты. Машинадан түшөйүн десем, БТР кетип калды. Анан кайра атышты. 5 мүнөт сайын автомат менен ок чыгарат. Кайра БТР келди, анан анын артынан чек арачы келип тажиктерди атты. Биздин арабыздан бирөөнүн көзүнө жана бутуна атыптыр. Менин жанымда дагы бир досум бар болчу. Экөөбүз каналга түшүп дагы 1 сааттай жатты. БТР келип Миң-Өрүккө алып келип аскерлердин Тез жардамына тапшырды. Көк-Таш айылына жакын жерде болду», — деп айтып берген аман калгандардын бири «Би-Би-Синин» кабарчысына.

Маркумдун бөлөсү Дилбар Маматкулованын айтымында, Баяман акыркы жолу WhatsApp мессенжерине 29-апрелде саат 15:37де кирген, андан кийин телефону жооп берген эмес. Ал эми «Хонда Фит» унаасына ок кечки 6ларда атылган.

«Ооруканага барганыбызда досу Баямандын өлгөнүн айты. Моргго барып таппадык, травмотология, хирургия, реанимация бүт баарын карадык. Таппаган соң тирүү окшойт деген үмүттө калганбыз. Түнкү саат 2де сөөгүн таптык. Сөөгү облустук моргдо экен», — деп эскерди ошол күндү Маматкулова.

Баямандын бөлөсүнүн айтымында, ал үч бир тууган. Улуу агасы эки ай мурун жол кырсыгынан каза тапкан. Ал эми иниси Ак-Сайдагы заставада кызмат өтөгөн. Куралдуу кагылышууда анын иниси да жаракат алган.

«Эки күн алдын келип эже ушул кыз сизге жагабы, ушул кызга үйлөнөйүн деп жаткам деп айткан. Үйлөнөйүн десем үй да жок деп айткан. Жездеси экөөбүз Анда биздин үйгө алып келе бер деп айтканыбызда, күлүп кеткен болчу. Ата-энеси ажырашкан, апасынын колунда болгон. Баямандын иниси да жараат алгандыгы айтылууда. Учурда апасынын абалы оор», — деди Маматкулова.

Баяман №57 кесиптик лицейде ашпозчулукка окуган. Каргашалуу күнгө чейин ашпозчу болуп иштеп жаткан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, анын ичинде 12 жаштан 60 жашка чейинки 35 кыргыз жараны каза тапкан.

Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы чек ара чырында 15 тажикстандык каза болгонун жана 90 адам жабыркаганын билдирген. Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар бар.

Тема боюнча: Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү