«Телефон чалбагыла, жарык күйсө бизди атат». Чек ара чырында каза болгон аскер жерге берилди

Маркум Бекзат Юлдашев балдары менен

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан улам каза тапкан «Бөрү» отрядынын №2021 аскер бөлүгүнүн прапорщиги Бекзат Юлдашев 10-майда 31 жашка чыкмак. Ал 1991-жылы Исфана шаарында туулган. Юлдашевдин таежеси Зебо Холматова «Азаттык» басылмасына маркумдун сөөгү 2-майда жерге берилгенин билдирди.

Юлдашев сегиз жылдан бери аскер кызматында иштеп келген. Холматованын айтымында, ал үч жылдан кийин ардактуу эс алууга чыгууну пландап жүргөн.

«Быйыл наам алам деген да үмүтү бар эле. Аскер кызматкери болууну Бекзат балалыгынан баштап кыялданган. Бул кесипти өзү тандаган. “Мен силерди коргойм” деп көп айтчу. Коргоп жатып кете берди минтип. Азыр көзүбүздөн жаш эмес, кан агып жатат», — деп эскерет аскердин таежеси.

Инисинин каза болгон сүрөтүн Холматова алгач соцтармактардан көргөн. Ал маркумду кийиминен таанып, аскер бөлүгүнө барган. Бирок так маалымат ала алган эмес. Ошондой эле, Холматова Юлдашевдин өлүмүнүн так себеби жазылган медициналык маалым кат ала электигин айтат. Анын айтымында, ок аскердин кабырга тушуна тийген.

«29-апрелде чек арага баратканда "мен согушка кетип жатам" деп чалган. Албетте, жамандыкка кыйбайт экенсиң, "этият бол" деп жакшы эле эскерттим. Ал "телефон чалбагыла, жарык күйсө бизди атат" деп айткан», — дейт Холматова.

Маркум мындан он жыл мурун үйлөнгөн. Жубайы медайым болуп эмгектенет. Артында жети жаштагы кызы, беш жаштагы жана алты айлык уулдары калды.

Юлдашевден сырткары «Бөрү» отрядынын дагы эки аскери мерт болгон.

Кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелде башталган чырдын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, 35 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын арасынан 25 киши «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына атылган миномёттон набыт болгон.

Чыр Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орноткондуктан 28-апрелде башталган.

Тема боюнча:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү