Чек ара кызматы: Тажик тарап Лейлекте уурдалган эки унааны кайтарып берди

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткендин Лейлек районунан уурдалган эки унааны тажик тарап Кыргызстанга кайтарып берди.

УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, Hyundai жана «Жигули» унаалары «Кулунду-автожол» өткөрмө пункту аркылуу кайтарылды.

Мындан сырткары, мекемеден УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев куралдуу кагылышуунун кесепетинен зыянга учуруган чек ара объектилерин кыдырып жатышканын кошумчалашты.

Маалыматка ылайык, 5-майга карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Чек ара кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын сызыгын кайтарууну улантышууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 90дон ашуун тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 18 киши набыт болгонун кабарлады.

ӨКМ 5-майда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады: 1 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 милиция бөлүмү, 4 чек ара посту, 1 стамотология, 2 дарыкана, 1 китепкана, 1 өрт өчүрүү бөлүмү, 27 АЗС, 34 дүкөн, 5 ашкана жана 3 ресторан.

Мындан улам кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт. Бул тууралуу мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийинки жоготуулар — таблица